Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Түркия Казакстанга дрон чыгарган завод курат


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, Түркия.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, Түркия.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинанын көз карандысыздыгы жана бүтүндүгү боюнча бирдей позицияда экенин жарыялашты. Алар жолугушууда бул өлкөдөгү кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарылдыгын сүйлөштү. Мунун фонунда Анкара расмий Нур-Султанга аскердик коргонуу жаатында жардам бермей болду.

Түрк-казак кызматташтыгы жана коопсуздук

Касым-Жомарт Токаевдин 10-11-майда Анкарага жасаган визити анын президент катары Түркиядагы алгачкы иш сапары болуп калды. Мунун алкагында ал президент Режеп Тайып Эрдогандан баштап мамлекеттик деңгээлдеги бир катар жетекчилер жана ишкерлер менен жолукту.

Токаев менен Эрдогандын жолугушуусунда эки тараптын делегациялары соода-экономикалык, бажы, коопсуздук, коргонуу, аэрокосмостук өндүрүш, билим берүү, маданият, туризм, спорт, айыл чарба, токой чарба, экология багыттарында келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Андан кийин президенттер биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Жолугушуулардын жыйынтыгын чыгарган брифингде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган казак жергесинин аймагында туулган дин аалымы Кожо Ахмет Ясави тууралуу мисал келтирип, аны мындайча чечмеледи:

“Казакстан биздин ата-бабаларыбыздын мекени болгон сыңары эле Түркия дагы биздин казак боордошторубуз үчүн экинчи үй болуп саналат. Яхья Кемаль Беятлы Фуат Кепрүлгө “Ахмет Ясавини карагыла, ал кайсы жакта болсо биздин тамырыбыз ошол жакта” деп айтканы бар. “Анадолуну бизге журт кылгандар бул Кожо Ахмет Ясавинин эр жүрөк жоокерлери”,- деди түрк лидери.

Эрдоган Түркия менен Казакстандын дипломатиялык мамиле курганына 30 жыл болгонун эске салып, соңку жолугушуудан кийин бул кызматташуу дагы да жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн кошумчалады. Ал ошондой эле быйыл январда казак жергесинде болгон кандуу окуяларды эскерип, анда каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Андан ары ал коопсуздук багытындагы кызматташуу жөнүндө кеп кылды:

“Токаев мырзанын жаңы Казакстанды куруу жөнүндө чечкиндүүлүгүнө жана эркине суктанып турам. Биз бул багыттагы реформалардын комплекстүү программаларын колдойбуз. Мен казак боордоштордун бакубаттуулугун, коопсуздугун, тынчтыгын жана стабилдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн салым кошкубуз келерин дагы бир жолу белгилеп койгум келет. Биз саясий, аскердик, экономикалык, маданий, айтор бардык багыттарда кызматташууну улантууга жана келечекке ийиндеш барууга даярбыз. Кандай кырдаал болбосун биз казак агайындарды колдойбуз”,-деди Режеп Тайып Эрдоган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, Түркия.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, Түркия.

Коопсуздук дегенде Түркия аскердик кадрларды даярдоо, чалгын багытында кызматташуу жана учкучсуз учактарды чыгаруу багыттарында Казакстанга жардам кыла турган болду. Тагыраагы, Түркиянын мамлекеттик Türk Havacılık ve Uzay Sanayii AŞ (TUSAŞ) аэрокосмикалык компаниясы “Казакстан инжиниринг” компаниясы менен чогуу ANKA деп аталган дрондорун чыгаруучу завод курууну келишти. Бул аталган учкучсуз учактардын Түркиянын сыртында курулган биринчи базасы болуп калары айтылды.

Брифингдеги сөзүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да коопсуздук багытындагы кызматташууну белгилеп өттү.

“Биз түрк эли Казакстанга ар дайым тилектеш жана ачык экенин билебиз. Муну биз ар дайым сезебиз. Бүгүн биздин эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында абдан маанилүү келишимдерге жетишилди. Бул сапар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, аскердик-техникалык жана башка тармактарда кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”,-деди казак президенти.

Украинадагы согуш жана Казакстандын бүтүндүгү

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жолугушууларда Украинадагы согушту да сөз кылып, ага карата позициялары бирдей экенин такташкан. Муну биргелешкен билдирүүдө түрк президенти учкай кеп кылды:

“Жалпыңыздар билгендей, биз Украиндагы согушту токтотуу үчүн башынан бери катуу аракеттерди көрүп келебиз. Бул өлкөдөгү кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу Украинанын көз карандысыздыгы жана бүтүндүгү сакталган абалда ишке ашышы керектиги жөнүндө биздин көз караштарыбыз дал келди. Бул согуш түрк өлкөлөрүнүн ортосунда эки тараптуу да, Түрк мамлекеттер уюмунун алдында дагы кызматташуу маанилүү экендигин көрсөттү”,-деди Эрдоган.

Касым-Жомарт Токаев мурдагы билдирүүлөрүндө Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин жактаган пикирлерди ачык айткан. Ошол эле маалда ал Киев менен Москваны эртерээк тил табышып, ок атышууну токтотууга үндөгөн.

Эрдоган менен кездешүүдөн кийин Токаев бул жөнүндө пикирин так айткан жок. Бирок чөлкөмдөгү коопсуздук үчүн жалпылаштырган позициясын билдирди.

“Бул аракеттер боордоштугубузду бекемдеп, мамлекеттердин карым-катышын мындан ары да арттыруудагы маанилүү кадамдар. Казакстан жана Түркия евразиялык мейкиндикте тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоого абдан чоң маани берет. Бүгүн биздин мамлекеттердин ортосунда аймактык жана эл аралык деңгээлде тыгыз өз ара мамиле орноду”,- деди казак президенти.

Касым-Жомарт Токаевдин Түркияга сапары Украинадагы Москва баштаган согуш күчөп турган маалга туш келгени да коомчулукта башкача кабылданды. Анкаранын коопсуздук багытындагы колдоосу, Нур-Султандын аскердик дрондорду жасоого аракети, ар кандай кокустуктарга даяр туруу чаралары катары бааланууда.

Себеби акыркы мезгилдери Орусияда Казакстанга каршы риторика күчөгөн. Мурдараак бир катар саясий жана медиа активисттер Казакстандын түндүк жана чыгыш аймактары Орусияга карашы керектигин, жерлер СССР учурунда калыс бөлүштүрүлбөй калганын айтып чыгышкан. Расмий Нур-Султан Киевге тилектештигин билдирген учурда орусиялык пропагандачылар Казакстанга ачык сөөмөй кезеп, казак жергесине “кол салуу” тууралуу чакырыктарды жасап үлгүрдү.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев Forbes.kz сайтына эки президенттин жолугушуусундагы сөздөрдү мындайча баалады:

Досым Сатпаев
Досым Сатпаев

“Токаевдин Түркияга жасаган сапары учурунда президент Режеп Тайып Эрдоган “Украина боюнча Казакстан менен Түркиянын позициясы дал келерин” жана “бул согуш түрк мамлекеттеринин ортосунда биригүү маанилүү экенин көрсөткөнүн” айткандан сырткары “Түркия казактанстандык боордоштордун коопсуздугу үчүн жоопкерчилик алууга даяр” деп да белгиледи. Менимче, бул Казакстандын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаралчу болсо, Түркия ага көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ошол эле Орусияга жеткирген ачык сигнал болду”.

Досым Сатпаев өз макаласында Орусия өз ичиндеги ички чыңалууну басыш үчүн тополондорду башка өлкөлөрдүн аймагына да оодарышы мүмкүндүгүн эскертип, Казакстан мындай жагдайга даяр болушу керектигин белгилеген.

“Азаттыктын” казак кызматына курган маегинде эл аралык талдоочу Иван Преображенский да ушул маселелерге токтолуп, буларды айтты:

Иван Преображенский
Иван Преображенский

“Түркия азыркы кырдаалга өтө кылдат мамиле кылууда. Ал Украинадагы жаңжалды жөнгө салуучу катары да чыгып, ошол эле маалда Борбор Азия мамлекеттери менен экономикалык жактан байланышын тереңдетүүгө аракет кылууда. Борбор Азия өлкөлөрү менен саясий мамиле кылууда Түркия анча шашпаган абалда иш жүргүзүүдө. Антпесе Орусияны бул чөлкөмдө чукул кадамдарга барууга мажбурлап коюшу мүмкүн. Азырынча мындагы баланс Орусиянын пайдасына оогон абалда калып жатат”,-деди эксперт.

“Орусия Казакстандын аймагына капыстан кол салып жиберсе, буга Түркия аралаша алабы?” деген суроого Преображенский: “Түздөн-түз кийлигишүүсү күмөн”,- деп жооп берди.

Ошондой эле талдоочу Анкара НАТОнун курамына кирерин эске салып, сырттагы аскердик операциялар сөзсүз уюмдун макулдугу менен болорун белгилейт. Түркия өз алдынча аралашса анда НАТОнун башка өлкөлөрү да согушка катышууга туура келет, же Анкараны уюмдагы мүчөлүгү каралат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG