Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Январь окуясы: кыйноого байланыштуу иш токтоду


Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыков.
Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыков.

Казакстандагы Январь окуялары маалында укук коргоо органдары тарабынан кармалып, сабалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов боюнча “Кыйноо” беренеси менен козголгон кылмыш иштери убактылуу токтотулду.

Ушул күндөрү Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу эки кыргыз жараны камакта жатат. Коңшу өлкөдөгү калабага илешип калган кыргызстандыктардын учурдагы абалы кандай?

Кыргызстандын жарандары Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун Январь окуяларында сабалышы боюнча “Кыйноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бирок музыкант Викрам Рузахунов Алматыга тергөөгө барбаганына байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулганы белгилүү болду. Анын адвокаты Нурбек Токтакунов Рузахуновго кыргыз бийлиги коопсуздук кепилдигин бербегени үчүн Алматыга барышпаганын билдирди.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

“Кылмыш иши убактылуу токтотулду. Анткени айыпкерлер табыла элек. Казак бийлиги Викрам Рузахунов айыпкерлерди таанып, көрсөтүп бериши керек деп жатат. Ал жакка барыш үчүн кыргыз бийлиги бизге коопсуздук кепилдигин бериши керек. Казакстан кепилдик беребиз деп жатат, бирок биз ишене албай турабыз. Октябрь райондук милициясында сурак бергенбиз. Ошонун негизинде "кылмышка шектүүлөр кармалды" десе барабыз. Эгер болжолдуу шектүү аныкталды десе, кыргыз бийлиги кепилдик бербесе дагы журналисттерди алып барабыз”.

Рузахуновдун сабалышы боюнча кыргыз милициясы дагы кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Токтакунов бардык экспертизалардын жыйынтыгы чыкканын билдирди.

Белгилүү музыкант, пианист Викрам Рузахунов Казакстанда быйыл Январь айында кармалып, эки күндөн кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсү менен абактан бошотулуп, Бишкекке жеткирилген.

Кийин ал ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын жана кабыргалары сынып, мээси чайкалганын айтып чыккан.

Казакстандагы ал окуяларда Рузахуновдон тышкары Чолпонбек Сыдыков аттуу кыргыз жаранын дагы укук коргоо органдары катуу сабаган.

Буга чейин Сыдыковдун укугун Кыргызстандын жана Казакстандын “Кыйноого каршы коалиция” уюмдарынын адвокаттары коргой турганы белгилүү болгон.

Кыргызстандагы уюмдун басма сөз катчысы Нагима Озокеева Сыдыков боюнча комплекстүү соттук-психологиялык-психиатриялык жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, экспертиза жүргүзө турган комиссиянын курамы аныкталганын айтты.

“Чолпонбек Сыдыков боюнча Казакстандагы “Кыйноого каршы коалиция” жардам көрсөтөт. Ал жактан бир адвокат, бул жактан бир адвокат жалдап, чогуу иш алып барабыз. Азыр каникул болуп иш токтоп калды. Иш күндөрү башталса, адвокаттар иштей баштайт”.

Кыргызстандагы “Кыйноого каршы коалиция” Сыдыковду реабилитациялоого көмөктөшөт. Кыйноого кабылган адамдардын "Алтер-Эго" реабилитациялык борборунун терапевти аны текшерип, дарылоо жана калыбына келтирүү боюнча чечим кабыл алат.

Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн 47 жаштагы Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда 8-январда кармалган. Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери андан талап-тоноочулук жана башаламандыкка катышканын моюнуна алууну талап кылган. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январь айынын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Адвокат Нурбек Токтакунов Рузахунов менен Сыдыковдун иши Кыргызстандын жарандары үчүн абдан маанилүү учур экенин айтты.

“Бул абдан маанилүү иш. Анткени кыргыз жаранынын укугу кайда болбосун корголот деп дүйнө жүзүнө айтып жатабыз. Эгер Казакстанда биздин жарандарды сабаган укук коргоо кызматкерлери соттолсо, анда кайсы жерде болбосун кыргыз жараны кармалганда элчини, консулду чакырып башка мамиле кылат. Бул иштин мааниси – кыргыз жараны деген наамдын баркы. Азыркы бийликте ушул мүмкүнчүлүк бар”.

Токтакунов Кыргызстан менен Казакстандын мыйзамдарындагы бардык тепкичтерди басып өтүшөрүн, эгер укуктук баа берилбесе, эл аралык уюмдарга кайрыла турганын белгиледи.

Камактагы кыргыз жарандары

Ушул күндөрү Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу эки кыргыз жараны камакта жатат. Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарынын иши тергөөдө экенин, анын жыйынтыгын гана күтүп жатканын гана билдирип келет.

Камактагылардын бири Таразда туруктуу жашап, иштеген 24 жаштагы Талгат Темиркан уулу. Кыргызстандын Алматыдагы башка консулу Назарали Арипов камактагы экинчи кыргыз жараны Өскемен шаарында экенин айткан.

Үч айдан бери Тараз шаарында камакта жаткан Талгат Темиркан уулунун апасы Күлсабира Жуманазарова 11-апрелде Нур-Султандагы Башкы прокуратуранын имаратынын алдына уулун бошотууну талап кылып барган.

Ал уулунун камактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылганын, укук коргоо органдары телефон аркылуу көрсөтмө берген бир күбө тапканын айтты.

“Тергөөнүн иши төртүнчү айга узартылды. Адвокаттар үч айдан бери эч кандай далил тапкан жок, үй камагына чыгаргыла десе, прокурорлор телефон аркылуу күбө таптык деди. Азыр ушундай балээ чыкты, камакта жаткан балдарды бири-бирине каршы көрсөтмө бердиртип жатат. Кыргызстандын консулу чалып жатат, андан башка жылыш жок”.

Казакстандагы Январь окуялары тушунда аскер огунан курман болгон жай тургундар дагы арбын экени айтылып келет. Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму кеминде 10 жай тургун каза тапканын жарыялаган.

Казакстандын Ички иштер министрлиги эки өлүм боюнча аскерлер бийлигин ашыра пайдаланды деп кылмыш ишин козгогон.

Бирок 3-майда Казакстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Серик Бурамбаев бул кылмыш иштер боюнча эч ким жоопко тартылбаганын билдирди.

“Аскер адамдары жоопко тартылган жок. Ал кезде кандай окуя болгонун баарыңыздар билесиздер. Күнөөлүү деп айта албайм. Сот аркылуу аскер бөлүмүнүн аскери антти-минтти деген жок да”.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227ге жетти. Каза тапкандардын экөө - Бактыяр Базарбаев менен Азис Мусаев кыргызстандык. Алар Алматыда иштеп жүргөн.

Казакстандагы Январь окуялары боюнча 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG