Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:37

Январь окуясы: казак бийлигинин жаңы дооматы


Казакстандагы нааразылыктар. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандагы нааразылыктар. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Башкы прокуратурасы январдагы кандуу окуялардын айрым катышуучуларына “20 доллардан 100 долларга чейин төлөнүп берилген” деген билдирүү таратты. Нааразылык акциясына чыккандар бул бийликтин курулай жалаасы экенин айтышууда.

Бейшембиде Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Элдос Килымжанов январдагы кандуу окуяларды "теракт" деп сыпаттап, ага катышкан митингчилерге кимдир бирөөлөр акча таратканын билдирди.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Элдос Килымжанов.
Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Элдос Килымжанов.

"Алматы облусунда О. жана Н. аттуу жарандар аныкталды. Алар Талды-Коргонду талкалоого, жарандык мүлктү жок кылууга жана мамлекеттик объектилерди басып алууга катышкандарды каржылаган. Аларга 20 доллардан 100 долларга чейин акча төлөнгөн".

Башкы прокуратуранын өкүлү "бул маалымат ырасталып, шектүүлөр күнөөсүн моюнуна алды" дегени менен акча кайдан келгени жана миңдеген митингчилерге канча каражат жумшалганы тууралуу маалымат берген жок.

Жыл башындагы нааразылык акцияларынын катышуучусу Кайрат Сабытбекулы бул маалыматтар курулай каралоо экенин айтат.

"Бул - прокуратуранын калпы, Токаевдин 20 миң террорист деген сөзүнүн уландысы. Бул - курулай жалаа, акча жок болчу. Мен ошол жакта жүрдүм. Эл бийликтен тынчтыкты талап кылып чыкты, бийлик митингчилерге ок атты. Алар чындыкты жана адилеттикти талап кылышты".

Сырым Бек.
Сырым Бек.

Алматыдагы митингдин дагы бир катышуучусу Сырым эл акча үчүн эмес, өлкөнүн бакубаттуулугун көздөп чыкканын айтты.

"100 доллар азыр 50 миң теңгенин тегерегинде, туурабы? 50 миң теңге үчүн өлүмдү тобокелге салуу акылсыздык. Анын үстүнө элди коркок же жалкоо деп айта албайм. Митингге акча үчүн чыкканыбыз калп. Биз чыныгы ар-намыс менен, өлкөнүн өнүгүүсүн каалап чыктык".

Казак бийлигинин "январдагы окуяларда акча таратылды" деген жүйөсү кыргызстандык пианист Викрам Рузахуновдун абалын эске салат. 9-январда Qazaqstan телеканалы тараткан видеодо бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам аны “белгисиз адамдар” 200 долларга жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан эле.

Кыргыз бийлигинин кийлигишүүсү менен ал кийин Бишкекке жеткирилген. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

"Ар.Рух.Хак" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Бахытжан Төрегожина мындай ыкмалар жарандардын чыныгы нааразылыгына ишенбеген жана каалабаган авторитардык өлкөлөргө мүнөздүү экенин белгиледи.

"Бийлик жамы журт Жаңы-Өзөндө нааразылыкка чыккандарды колдоду дегенге ишенбейт, ошондуктан ар кандай шылтоолор менен аны тангысы келет", - деп билдирди "Азаттык" радиосунун казак кызматына.

Казак депутат да камалды

Ал арада 21-апрелде Алматы маслихатынын депутаты, блогер Кайрат Кудайберген кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин журналист Михаил Козачков Телеграм-каналына жазды. Кийинчерээк бул маалыматты Алматынын прокуратурасы да тастыктады.

Кайрат Кудайберген.
Кайрат Кудайберген.

38 жаштагы депутатка “Массалык башаламандыктарды уюштуруу жана ага катышуу” беренеси боюнча айып тагылды.

Жергиликтүү басылмалар тараткан маалыматка караганда, Кайрат Кудайберген Январь окуясында "Дикий Арман" атыккан кримтөбөл Арман Жумагелдиев менен бирге болгон. Жумагелдиев болсо Январь окуялары учурунда "адамдарды күч менен кармап, сабаган" деп шек саналууда. Учурда ал камакта.

Orda.kz сайты маалымдагандай, февраль айында Кайрат Кудайберген "Арманды тааныбай турганын, тополоңдо аны аянтта көргөнүн, митингге элди токтотуу үчүн барганын" билдирген. Казакстандын прокуратурасы депутаттын камалганы тууралуу расмий билдирүү тарата элек.

Масимовдун жакын тууганына издөө жарыяланды

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы таасирдүү башчысы Карим Масимовдун жакын тууганы Нурлан Масимовго издөө жарыяланды.

Өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттиги 22-апрелде билдиргендей, Павлодар облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Нурлан Масимов "ири өлчөмдө пара алган" деп шек саналууда.

Нурлан Масимов.
Нурлан Масимов.

"Тергөө соту анын бөгөт чарасын карап, камакка алуу чечимин кабыл алды. Масимовго издөө жарыяланып, анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо боюнча иштер башталды", - деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.

Нурлан Масимов Павлодар облустук полиция департаментинин башчысы кызматына 2019-жылы ноябрда дайындалган. Быйыл январь айындагы болгон кандуу окуядан кийин Карим Масимов "мамлекетке чыккынчылык кылуу" айыбы менен камакка алынган соң Нурлан Масимов иштен бошотулган.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, Нурлан Масимов менен Карим Масимов аталаш тууган. Өткөн айда Улуттук коопсуздук комитети Карим Масимов жабык келишимдердин бири боюнча чет мамлекеттин өкүлдөрүнөн 2 млн. доллар алууга шек саналып жатканын маалымдаган.

Апрелдин башында Масимовду колдоо үчүн ачылган онлайн-ресурс анын абалы начарлап кеткенин жазган. Өткөн жумада анын камактагы мөөнөтү 6-майга чейин узартылганы белгилүү болгон.

Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары мүнөздөлүп келген. Ал атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

Кандуу Январь окуялары боюнча тергөө иштери дагы эле уланууда. Бирок сот 214 адамга өкүм чыгарды. Учурда шектүү катары 600дөн ашуун адам камакта. Каза болгон 230 адамдын аты-жөнү болсо белгисиз.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG