Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:11

"Биринчи Конституция мыкты болчу". Борбор Азиядагы сагыныч


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкектеги сапары учурунда тартылган сүрөт. 2022-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкектеги сапары учурунда тартылган сүрөт. 2022-жыл.

Конституциясын тез-тез өзгөртүп турган Борбор Азия өлкөлөрүндө эгемендиктин алгачкы жылдары кабыл алынган Баш мыйзамдарды күрсүнө эскерип калышат. Алардын азыркылардан эмнеси артык эле?

Борбор Азия өлкөлөрүндө Конституцияны реформалоо өнөкөткө айланган. Бирок аны өзгөрткөн сайын эгемендикке ээ болгондо кабыл алынган алгачкы Баш мыйзамдардын мыкты жактары жөнүндө сөз козголо берет. Кыйла демократиялуу деп эсептелип келген алгачкы Конституциялар кийин көптөгөн өзгөртүүлөргө учурады.

“БИЗГЕ ӨЗГӨРТҮЛГӨН ТҮРҮ ЭМЕС, ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ КЕРЕК”

Казакстанда биринчи Баш мыйзам 1993-жылы кабыл алынып, эки жылдан соң жаңысына алмашылды. 1995-жылдагы Конституцияга беш ирет (1998, 2007, 2011, 2017 жана 2019-жылдары) түзөтүү киргизилди. Алтынчы жолку өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум 2022-жылы 5-июнда өткөрүлөт.

Казакстандын Конституциясындагы 33 беренеге 56 түзөтүү киргизилмекчи. Алардын негизинде 20 мыйзам өзгөртүлөт. Жумушчу топ даярдаган сунуштар 1995-жылы жоюлган Конституциялык сотту калыбына келтирүү, президенттин саясий партияга мүчө болушуна, анын туугандарынын жогорку даражалуу саясий кызматтарды жана мамлекеттик сыяктанган сектордогу кызмат орундарын ээлешине тыюу салуу, саясий партияларды каттоо маселелери, өлүм жазасына тыюу салуу жана жерди менчиктөө укугу жөнүндөгү жоболорго тиешелүү.

Кезектеги конституциялык реформа аркылуу Казакстанда биринчи президенттин артыкчылыктуу укуктарын жокко чыгарышмакчы. Конституцияга бул түзөтүүлөр январдагы окуялардан кийин демилгелене баштады. Бирок айрым байкоочулар муну азыркы президент Касым-Жоомарт Токаевдин келерки президенттик шайлоого даярдыгы менен байланыштырууда.

Январь окуяларынан кийин расмий телеканалдарга курган маегинде Казакстандын президенти мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча бийликте отурбай турганын айткан болчу. Казакстанда президенттик мөөнөт беш жыл, бир эле адам эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

Human Rights Watch (HRW) Эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлик башчылары өлкөнүн Баш мыйзамына сунушталып жаткан түзөтүүлөр боюнча коомдук талкууларды өткөрүү жана кеп-кеңештерди жүргүзүү үчүн референдумду кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы зарыл деп эсептейт.

Укук коргоочулар Конституциялык соттун судьяларын президент жана парламент депутаттары дайындашы ыктымал деген жобого да тынчсызданууда. Бул уюмдун кызматкерлери Венеция комиссиясынын нускоолоруна каршы келгенине карабастан акыйкатчы жөнүндөгү беренеде анын шайлануу жана бошотулуу тартиби көрсөтүлбөгөн, ал эми кол тийгистик ченеми акыйкатчынын орун басарлары менен башка кызматкерлерине да тиешелүү болушу керек дешет.

Ошол эле учурда активисттер жана оппозициячыл саясатчылар 1993-жылы кабыл алынган биринчи Конституцияга кайтууну сунуштап жатышат.

Казакстандык саясат таануучу, АКШнын Жорж Вашингтон университетинин стратегиялык карым-катнаш адистиги боюнча магистратурасын аяктаган Шалкар Нурсейит “бул элдин 30 жылга созулган чексиз президенттик бийликтен тажаганынын белгиси” дейт.

"Ал кезде парламенттин ыйгарым укуктары кеңири эле: ал аткаруу бийлигине талап коюп, аны сындап, зарыл учурларда көз карандысыз териштирүүнү жүргүзүүгө да укуктуу болгон. Тилекке каршы, 1995-жылы азыркы Конституция кабыл алынгандан кийин парламенттин бийлиги чектелип калды. Ошентип, Назарбаевдин жеке бийлиги орноду", – деди Шалкар Нурсейит.

Ал келечекте азыркы каталарды эске алып, президенттин чексиз бийлигине каршы турган жаңы Конституцияны иштеп чыгуу керек деп эсептейт.

"Бул 1995-жылдагы Конституциянын өзгөртүлгөн түрү эмес, жаңы Конституция болушу керек. Анда бийликтин үч бутагы толук аныкталууга тийиш. Конституциялык сот президентке эмес, парламентке баш ийиши шарт. Шайлоо комиссиялары да жаңыча түзүлүүгө тийиш", – деди саясат таануучу “Азаттыктын” кабарчысына.

БИРИНЧИ КОНСТИТУЦИЯСЫНА КАЙТКАН ӨЛКӨ

Кыргызстандын биринчи Конституциясы парламентте эки жыл бою талкууланып, 1993-жылы кабыл алынган. 1994-жылы президенттин укуктарын чектеген өзгөртүүлөр киргизилген. Бирок 1996-жылдагы конституциялык түзөтүүлөр президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткен. 1998–2003-жылдардагы өзгөртүүлөрдөн кийин оппозиция президент Аскар Акаевди бийликти узурпациялап алган деп айыптады.

Жоогазын революциясынан кийин 2006–2007-жылдары Кыргызстанда конституциялык каатчылык болду да, 2007-жылы Конституциялык сот 2006-жылдагы Конституциянын эки вариантын жараксыз деп тааныды. Ошондон кийин 1993-жылдагы Баш мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип, 2007-жылы референдум аркылуу кабыл алынды. Башкача айтканда, Кыргызстан – өзүнүн биринчи Баш мыйзамына кайткан өлкө.


2010-жылдагы Баш мыйзам боюнча ага 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизилбеши керек болсо да, 2016-жылы кезектеги конституциялык реформа болду. Былтыр кабыл алынган Конституцияга ылайык, Кыргызстан президенттик республика болуп калды.

Кыргыз саясат таануучусу Эмилбек Жороев айткандай, Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүүнүн өзгөчөлүктөрү бар.

"Конституцияга улам эле өзгөртүү киргизиле бергендиги элдин баштапкы Баш мыйзам жакшы болчу, ошого эле кайтып баруу керек деген ишенимине байланышкан. Эмне үчүн адамдар биринчи Конституцияны эңсей берет? Анткени эгемендиктин алгачкы жылдары саясий күчтөрдүн теңдештиги, өзгөрүүлөргө ачык-айрымдыгы жана демократиялуу реформаларга даяр экени байкалчу. Ошондуктан конституциялар адам эркиндигин кеңейтүүгө, ачык-айкындыкка жана саясий көп түрдүүлүккө шайкеш жазылды", – дейт Жороев “Азаттыктын” кабарчысына.

Анын айтканына караганда, кийинки өзгөртүүлөр улам барган сайын чектөөлөргө алып келип, бийликтин борборлошуусуна өбөлгө түзө берди.

"Кыргызстанда "ар бир саясий өзгөрүү болгон сайын баары начарлап жатат – Конституцияны жакшыртпай эле колдо болгон алгылыктуу варианттан алыстап баратабыз" деген көз караш бар. Ошондуктан Кыргызстанда эң негизги Конституция деп 1993-жылдагы Баш мыйзамды эскеришет, биз андан улам жыл өткөн сайын алыстап кеттик", - дейт ал.

“КОНСТИТУЦИЯ ДОГМА (ӨЗГӨРҮЛГҮС НЕРСЕ) ЭМЕС

Ташкенттик саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Фархад Толипов Өзбекстанда Кыргызстан же Казакстандагыдай баштапкы Конституцияны эңсеген маанай жок дейт. Анын айтымында, Өзбекстанда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сөз козголуп жатса да, конкреттүү сунуштар айтыла элек. Азырынча конституциялык комиссия гана түзүлгөн.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөттө президент болуп 2021-жылы шайланган. Колдонуудагы Конституцияга ылайык, беш жылдык эки мөөнөттөн ашык эч кимдин шайланууга укугу жок. Ноябрда ант берип жатып, Мирзиёев “турмуштун өзү талап кылып жаткан” конституциялык реформа жөнүндө айта кетти. Бирок кайсы маселелер каралары белгисиз.

"Азыр Өзбекстандын Конституциясына кандай өзгөртүүлөр киргизилерин айтуу кыйын. Балким, Казакстандагы окуялар Өзбекстанга да таасир эткендир. Өзбекстан үчүн Конституцияны жаңыртуу аракети болууда. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча комиссия түзүлгөндөн кийин ЖМК, расмий жактар, ушул комиссиянын мүчөлөрү “Конституция догма эмес” деген орчундуу ойду айтууда", – деди Фархад Толипов.

Өзбек саясат таануучусу айткандай, конституциялык реформа жөнүндө азырынча өлкөдө кызуу сөз боло элек.

"Бул жараян коомду ойготту дегенге болбойт. Ал эми гана башталууда. Мындай өзгөрүүлөрдү коом анча тез, дилгир коштоп кеткен жок. Азырынча жарандык коомдогу гана айрым уюмдар, айрым адамдар, журналисттер, блогерлер, эксперттер муну талкуулап жатат. Кээ бирөөлөр сын пикир айтса, башкалары иштиктүү сунуштарды ортого салууда", – дейт ал.

КОНСТИТУЦИЯГА “ЭСТЕЛИК”

Тажикстандагы конституциялык реформанын жыйынтыгында 2016-жылы Эмомали Рахмондун президенттик мөөнөтү чектелбей, президент болууга талапкерлердин курак чеги 35тен 30 жашка чейин төмөндөтүлдү.

Тажикстандык көз карандысыз эксперт Умед Хакимов өлкө тургундары Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө кайдыгер карай турганын белгиледи.

"Көпчүлүк адамдар Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилсе, саясий элитанын мүдөөсү өзгөрөрүн сопсонун түшүнөт. Бирок муну менен бийликтегилер өз кызыкчылыктары менен элдин үмүт-тилеги дал келерин көрсөтүүгө аракет кылууда", – деп эсептейт Умед Хакимов.

Эксперт айткандай, 2016-жылдагы референдумдан кийин Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси азырынча козголо элек.

Түркмөнстанда соңку конституциялык реформа 2020-жылы өткөрүлгөн. 1992-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга 1995, 1999, 2003, 2006, 2008 жана 2016-жылдары өзгөртүүлөр киргизилген.

Соңку өзгөрүүлөргө ылайык, 2021-жылдан тарта парламент Милли Геңеш (Улуттук кеңеш) деп аталып калды. Халык маслахаты эми парламенттин жогорку палатасы, Межилис төмөнкү палатасы болду. Президент ооруп калса же каза болсо, анын ыйгарым укуктары Халк маслахатынын төрагасына өтөт.

Мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов быйыл президент болуп шайланды. Атасы Халк маслахатынын төрагасы болуп калды.

Чет өлкөдө жашаган түркмөн укук коргоочусу Фарид Тухбатуллин бийликке Гурбангулы Бердымухамедов келгенден кийин Ашхабадда Конституциянын эстелиги тургузулганын айтты. “Бул Түркмөнстанда Баш мыйзамдын иштебей тургандыгын билдирет, – дейт ал. – Анткени гүлчамбар бейитке гана коюлат эмеспи”.

"Түркмөнстандын Конституциясында президенттин өзүнө тиешелүү беренелер гана аткарылат. Мисалы, азыркы шайланган президент Бердымухамедов 40 жашта, ал президент болушу үчүн “шайлоо” өткөрүлдү. Мыйзамдарга, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизе берген өнөкөт 30 жылдан бери уланууда.
Жогору даражалуу мансап адамдарынын божомолуна караганда Конституцияга мындан ары да өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал", - деди “Азаттыктын” кабарчысына Фарид Тухбатуллин.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Куанышбек КАРИ даярдаган бул макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG