Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:12

Украина Чернобыл АЭСи электр энергиясыз калганын билдирди


Орусиялык аскер Чернобыл атомдук станциясын кайтарууда. 26-февраль, 2022-жыл.
Орусиялык аскер Чернобыл атомдук станциясын кайтарууда. 26-февраль, 2022-жыл.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусияны ок атууну токтотуп, Чернобыл атомдук станциясында оңдоо иштерин жүргүзүүгө шарт түзүүгө чакырды. Киев анын алдында станцияда электр энергиясы өчүрүлгөнүн, радиактивдүү заттардын айлана-чөйрөгө чыгып кетүү коркунучу тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикти (МАГАТЭ) кабардар кылган.

Агенттиктин жетекчиси АЭСти электр энергиясыз калтыруу коопсуздукту камсыздоонун негизги принцибин бузарын белгиледи. Ошол эле маалда өзөктүк отунду муздатып туруу үчүн суу жетиштүү экенин айтты.

Украинанын Улуттук энергокомпаниясы станцияны электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганын билдирген. Маалыматка караганда, АЭСте 20 тоннадай өзөктүк калдык муздатылып турууга тийиш.

Станцияны орус куралдуу күчтөрү басып алган.

Буга чейин Украина Орусия кол салган 24-февралдан бери АЭСте 210 киши тынбай иштеп жатканын айтып, МАГАТЭден кызматкерлерди алмаштырууну өтүнгөн.

Украин өкүлдөрү станцияда суу, тамак-аш, дары-дармек тартыш деп айтышууда. Кызматкерлер менен байланышуу электрондук почта аркылуу гана мүмкүн. Дүйнөлүк агенттик станцияга мониторинг кылуу системасынан маалымат түшпөй калганын белгиледи. Марттын башында орус армиясынын колуна Запорожье атомдук станциясы да өткөн.

Чернобылдын төртүнчү реактору 1986-жылы апрелде жарылганда, радиациялык булут Европанын чоң бөлүгүн каптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG