Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды


Абдурахманхажи Муртазалиев.
Абдурахманхажи Муртазалиев.

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралда Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды. Мындай чечим БШКнын 9-марттагы отурумунда бир добуштан кабыл алынды жана ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгону айтылды.

Боршайкомдун жыйында укук коргоо органдарынын кызматкерлери добуш сатып алуу фактысы менен кармалган жарандардын талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев менен байланышы бар экенин билдиришти.

Чечим ыкчам чара көрүү координациялык тобуна түшкөн билдирүүлөр жана талапкер Шайлообек Атазовдун арызынын негизинде чыкты.

Абдурахманхажи Муртазалиев үч күндүн ичинде БШКнын чечимин сотко берсе болот. Ал жыйында добуш сатып алган деген маалыматтарды четке кагып, аны "атайын уюштурулган чагым" деп атады. Сотко кайрыла турганын айтты.

БШК 10-мартта аталган округдан 3-орунду алган талапкер Алмаз Аскар уулунун талапкер Шайлообек Атазовго каршы жазган арызын карайт.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG