Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Орусия элдин эвакуациясы үчүн гуманитардык коридорлорду түзгөнүн билдирди


Орус аскерлери Украинанын Сум шаарында. 6-март 2022-жыл
Орус аскерлери Украинанын Сум шаарында. 6-март 2022-жыл

Орусия Украинанын бир катар шаарындагы карапайым элдин эвакуациясына жол берүү үчүн гуманитардык коридорлорду түздү. Орус Коргоо министрлиги 8-мартта Москва убактысы боюнча саат 10дон баштап, Киев, Чернигов, Сумы, Харьков жана Мариуполдон коридор ачканын билдирди.

Орусия чек арасынан 350 чакырым алыстагы Сумы шаары орус армиясынын катуу бомбалоосуна туш болду. Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргенине караганда, кеминде тогуз киши каза тапты. Арасында эки бала бар.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Орусия менен макулдашуу Сумыда калган жашоочуларды чыгарууга мүмкүнчүлүк берерин бышыктады. Бирок эл кайсы жерге эвакуацияланары айтылган жок.

7-мартта тараптардын тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы өтүп, украин расмий өкүлдөрү коопсуздук коридорлорун түзүү жаатында жылыш барын айткан.

Ошол эле күнү БУУнун гуманитардык иштеринин жетекчиси Мартин Гриффитс Коопсуздук кеңешине кайрылып, элге “өздөрү тандаган багытта кетүүгө” шарт түзүү керектигин белгилеген.

Орусия буга чейин эвакуациялана тургандар үчүн белгилеген маршрутта алардын армиясынын көзөмөлүндөгү аймактар аркылуу Беларуска чыгып кетүү каралган.

Украина буга нааразылыгын билдирип, андай шартты четке каккан. Ага чейин, 5-6-март күндөрү курчоодогу шаарлардан жайкын тургундарды чыгарып кетүү аракети ишке ашпай калган. Тараптар макулдашууну бузуп ок чыгаргандыгы үчүн бири-бирин айыпташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG