Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Кыргызстандык кыз-келиндердин согушка каршы маршы


Бишкек. 8-март, 2022-жыл.
Бишкек. 8-март, 2022-жыл.

Бишкек жана Ош шаарында аялдардын тилектештик маршы өтүп, анда аялдарга карата зомбулукка, Украинадагы согуштук аракеттерге каршы чакырыктар жасалды. Бул жылы жөө жүрүшкө катышканардын саны арбып, мурдагыдай үзгүлтүккө учураган жок. Шаардык милиция акцияны саясатташтырбай, кайсыл бир өлкөнүн желегин көтөрүп чыгууга тыюу салды.

“Тынчтык. Март. Марш”: Аялдар согушка каршы!

Бишкектеги “Тынчтык. Март. Марш” деп аталган жүрүшкө жүздөгөн адам катышып, алар “Окуган кыз ордун табат!”, “Аялдар согушка каршы!”, “Согуш кетсин, тынчтык келсин!” деген сыяктуу жазуулары бар баракчаларды көтөрүп чыгышты.

Согушту айыптаган плакатты кармаган катышуучулар.
Согушту айыптаган плакатты кармаган катышуучулар.

Уюштуруучулардын бири Алтын Капалова марштын максатын мындай деп түшүндүрдү:

“Биз бул жылы марштын темасы катары бүткүл дүйнө аялдарынын согушка каршы тилектештигин тандадык. Анткени Украинадагы согуш бардыгыбызга тиешелүү. Украинадагы согушту улантуудагы жүйөлөрдү чечкиндүү түрдө айыптайбыз жана карапайым адамдардын укугун коргогон адилеттикти, тынчтыкты орнотууну талап кылабыз. Жакынкы жылдарда Югаславия, Ирак, Йемен, Ливия, Сирия, Ооганстан жана Украинада болгон кандуу кагылышуулар алардын элин чоң кайгыга батырып, дүйнөнү импералисттик жиликтөөдө эч кандай прогрессивдүү тараптар жок экенине далил болду. Калп эле "аялдарды бошотуу жана коргоо" деген кооз сөздөрдү жамынган согуштар башталып, аялдар менен балдар ажал таап, үйүнөн куулуп жатканына күбө болуп турабыз”, - деди Капалова.

Марш “Россия” кинотеатрынын жанынан башталып, анын катышуучулары Уркуя Салиеванын эстелигине чейин басып барышты.

Жүрүш башталардын алдында милиция кызматкерлери келип катышуучуларга "Украинанын да, Орусиянын да желегин көтөрбөгүлө, Кыргызстан калыс позицияны карманат" деген эскертүү берди. Алар бир катышуучуну кармап, бирок журналисттерге анын себебин түшүндүргөн жок.

Кыз-келиндердин “Тынчтык. Март. Марш” жүрүшү. Бишкек. 8-март, 2022-жыл.

Бишкек: согушту жектеген аялдар маршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00

Акцияга келгендердин бири Умай Арыкова соңку жылдары кыз-келиндерге болгон зомбулук күчөгөнүн айтты.

“2020-жылдагы пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулук күчөп, өлүм менен аяктаган окуялар да катталды. Биз пандемияны баштан өткөрдүк, эми жакшы болот деп жатсак Украинада согуш башталып кетти. Бүгүнкү марш менен Кыргызстандын аялдары согушка каршы экенин билдиргибиз келди. Анткени согуш – бул зомбулук. Анда жүздөгөн адамдар, арасында аялдар жана балдар да каза болууда”.

Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында чогулган катышуучулар согушта каза тапкандарды эскерип, бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды.

Жөө жүрүштү алып барган Айгүл Карабалина айымдарды зордук-зомбулукка каршы турууга чакырды.

Айгүл Карабалина
Айгүл Карабалина

“Бизди колдоп чыккан адамдардын саны көп болду. Биз дүйнөдөгү бардык согушка каршыбыз. Аялдар бириккиле, билим алгыла! Өзүңөрдүн укугуңар үчүн күрөшкүлө! Аялдар бул чоң күч экенин унутпашыбыз керек. Биз акыйкатсыздыкка, согушка, тең укуктуулуктун бузулушуна каршы күрөшө алабыз. Мындан улам жалпы аял затын биригүүгө чакырат элем”, - деди Карабалина.

Кыргызстанда аялдардын тилектештик маршы бир нече жылдан бери өтүп келет. 2020-жылы 8-мартта Бишкекте аялдардын теңдиги, тилектештиги үчүн уюштурулган тынч жүрүш үзгүлтүккө учураган. Белгисиз, беткапчан адамдар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарган. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Милиция кийинчерээк аялдар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын айткан.

Ош: Аялдардын көйгөйүн коомго жеткирүү аракети

Ошто 8-март Аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата тынч жөө жүрүш өттү. Марш Курманжан Датканын эстелигинин алдында башталып, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында жыйынтыкталды.

Ош. 8-март, 2022-жыл.
Ош. 8-март, 2022-жыл.

Катышуучулар аялдарга карата зомбулукка каршы жана эркиндигин колдогон ураандарды көтөрүп чыкты. Алар “Эркин Кыргызстандын эркин кызы сүйлөсүн!”, “Аял укугу менен төрөлөт”, “Ушагыңызга зар эмесмин” деген баракчаларды кармап басышты.

Акцияга чыккан Ош шаарынын тургуну Майрамбек аялзаты туш болгон көйгөйлөрдү коомдун калың катмарына жеткизүүнү көздөйт.

Майрамбек.
Майрамбек.

"Көп учурда туура эмес, түшүнүксүз маалымат кетип калат экен. Биздин кайсыл бир тараптын кызыкчылыгын коргоп, идеологиясын жайылтуу максатыбыз жок. Биз Ош шаарынын тургундарына Аялдардын эл аралык күнүнүн чыныгы маанисин жеткиргибиз келет. Аялдарга болгон көп жылдык зордук-зомбулукту жок кылып, алардын актуалдуу экенин айтып чыккыбыз келет".

Акциянын катышуучулары аялдарга карата зордук-зомбулуктарга басым жасап, ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекова менен Бурулай Турдаалы кызынын тагдырын да эске салышты.

Жыл сайын өскөн зомбулук

Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук да күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан былтыр кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган.

"Билим сапаты төмөн жерде аялдар кор болот"

“Билим сапаты төмөн жерде аял кор болот”
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:03 0:00

Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, аялдар эркектерге караганда айлыгы аз жумуштарда иштейт. Орто эсеп менен аялдар айына 16 524 сом, эркектер 21 999 сом каражат табат.

Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен. Ошондон тарта аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет.

Бишкектеги жана Оштогу тынчтык маршын фотобаяндын толук көрө аласыз. 8-март, 2022-жыл.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Алмира Абидинова

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2019-жылы Internews уюмунун “Умтулуу” сыйлыгын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG