Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Путин аскерге чакырылгандар согушка тартылбай турганын айтты


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Президент Владимир Путин “атайын аскер операциялары” деп атап жаткан Украинанын аймагындагы согушта орусиянын армиясына кошумча күч болуп резервдеги жана аскер кызматын өтөп жаткандар чакырылбайт деп убада берди. Бул тууралуу Путин 8-марттагы куттуктоосунда айтты.

Президенттин пикиринде, учурда согушта жүргөн аскерлер жана офицерлер апаларды, аялдарды, карындаштарын коргоп жатат. Путин “коюлган тапшырманы кесипкөй аскерлер гана чечет” деп белгилеп, алар “Орусия элинин тынчтыгын жана коопсуздугун ишеничтүү коргойт” деди.

Буга чейин бир катар аскер серепчилери кошумча мобилизациясы жок орус армиясы коюлган тапшырманы аткара албай турганын айтышкан.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда. АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусиянын аракетин кескин айыптап, санкцияларды киргизип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG