Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Ошто аялдардын укугуна арналган жүрүш өттү


Ош. 8-март, 2022-жыл.
Ош. 8-март, 2022-жыл.

Ошто 8-март Аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата тынч жөө жүрүш өттү. Марш Курманжан Датканын эстелигинин алдында башталып, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында жыйынтыкталды.

Катышуучулар аялдарга карата зомбулукка каршы жана эркиндигин колдогон ураандарды көтөрүп чыгышты. Алар “Эркин Кыргызстандын эркин кызы сүйлөсүн!”, “Аял укугу менен төрөлөт”, “Ушагыңызга зар эмесмин” деген баракчаларды кармап басышты. "Аялдардын тилектештик маршы" былтыр дагы өткөн.

Кыргызстанда 8-март жылнаамада кызыл менен белгиленген. Өлкөнүн булуң-бурчунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар өтөт. 8-мартта Бишкекте “Тынчтык. Март. Марш” деп аталган аялдардын укугуна арналган жүрүш өтүп жатат.

Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен. Ошондон тарта аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп. Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет. (AАb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG