Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Статистика: аялдар эркектерге караганда аз айлык алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, орто эсеп менен аялдар айына 16 524 сом, эркектер 21 999 сом каражат табат.

Комитет бул статистика үч-төрт жылдан бери анча деле өзгөрбөй жатканын белгилейт. Бирок аймактардын ичинен Нарын облусунда аялдар эркектер менен дээрлик бирдей эле акча (92,7%) табат. Аялдар айына эң аз акча (52,4%) тапкан аймак - Талас облусу.

Улуттук статистика комитетинын кабарлашынча Кыргызстанда айлык аз төлөнүүчү билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык кызмат көрсөтүү сыяктуу жумуштарда аялдар эмгектенет. Жетекчи кызматтарда эркектерге караганда аялдардын саны аз.

Улуттук статистика комитетинин аялдар менен эркектердин бардык тармактардагы салыштыруу статистикасын бул жактан окуңуз.

8-март - Аялдардын эл аралык күнү. Кыргызстанда 8-март жылнаамада кызыл менен белгиленген. Өлкөнүн булуң-бурчунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар өтөт. 8-мартта Бишкекте “Тынчтык. Март. Марш” деп аталган аялдардын укугуна арналган жүрүш өтөрү кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG