Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

АКШда Орусиядан мунай импортуна тыюу салган мыйзам долбоору даярдалды


Бул мыйзам долбоорунда Орусия менен “нормалдуу соода мамилесин” токтотуу дагы каралган.

“Орусия украиналыктарга чабуулун улантып жаткан учурда биз Орусиянын энергетикалык өндүрүмүнүн импортуна жана Орусия, Беларус менен нормалдуу соода мамилесин мыйзам жолу менен токтотууну сүйлөштүк”, - деп айтылат мыйзам чыгаруучулардын билдирүүсүндө.

Мыйзам долбоорун Конгресстеги республикачыл жана демократиялык партиянын лидерлери колдойт. Мыйзам долбоору жакын арада каралаары күтүлүүдө жана колдоо тапса кол коюу үчүн президент Жо Байденге жөнөтүлөт. Президент АКШда күйүүчү майдын кымбаттап кетишинен чочулап, бул боюнча пикирин билдире элек. Өлкөдө колдонулган нефтинин 7% Орусиядан импорттолот. Жекшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Тони Блинкен Ак үй орусиялык мунай импортуна тыюу салуу мүмкүндүгү каралып жатканын билдирген.

Орусия жана Беларус менен “нормалдуу соода мамилеси” макамы токтотулган учурда бул өлкөнүн товарларына бажы төлөмү 30% өсөт. Учурда төлөм 3% түзөт. АКШга Орусиядан негизинен мунай, металл импорттолот. Мындай чаралар Орусиянын Украинага басып киришине жооп катары көрүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG