Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Освенцим - дүйнөдөгү эң чоң көрүстөн

Советтик армия Освенцимдеги өлүм лагерине кирип барып дүйнөгө Холокост кыргынынын сырын ачканына 75 жыл болду. Советтик жоокерлер лагерде үйүлүп жаткан сөөктөрдү, бузулган газ камераларын жана миңдеген араң жан туткундарды табышкан. 27-январь тарыхта «Эл аралык Холокост курмандыктарынын эскерүү күнү» деп аталып калган.

Освенцим эң чоң нацисттик лагерь болгон. Бул жерде бир миллиондон ашык адам жок кылынган. Алардын көбү жөөттөр болгон. Советтик армия лагерди бошотконго чейин фашисттер концлагердеги документтерди жок кылышкан. Бирок алар андагы газ камераларын, мештерди жана имараттарды толугу менен жок кылууга үлгүрбөй калышкан.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG