Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Нурбек Жеңиш: "кызыл кулактыктын" айынан доллар тартыштыгы жаралды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште 29-июнда өкмөт маалымат берип жаткан маалда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш Кыргызстанда коммерциялык банктар сырттан которулган акчаны ошол валютада бербей жатканы жана андагы курстун төмөндүгү тууралуу суроолорго жооп берди. "Альянс" фракциясынын төрагасы, депутат Жанар Акаев айрыкча товарды доллар менен сатып алган, бул валютада насыя алган ишкерлер, чет мамлекетте иштеп жүргөн кыргызстандыктар чыгашага учурап жатканын айтты.

Нурбек Жеңиш акчаны сатуу-алууда Орусияга киргизилген санкциялардан улам "кызыл кулактык" (спекуляция) болгонун, мындан улам банктарда доллар тартыштыгы жаралганын айтты.

"Орусияда санкциялардан улам накталай доллар берүүгө тыюу салынган. Ошол эле учурда нак эмес доллар кирип жатат. Ушул себептен Орусияда накталай доллардын тартыштыгы уланууда. Мындан улам бул өлкөдө нак жана накталай эмес доллардын курсунда айырма болду. Азыр нак эмес бир доллардын баасы 51 рубль, накталай доллардыкы болсо 58-60 рублге чейин сатылууда. Бул жагдай валюталык спекуляцияга жол ачты. Бул учурдан пайдаланып кээ бир физикалык жактар Орусиядан акча которуу системалары аркылуу салган рублдерин накталай эмес долларга ыңгайлуу курс менен конвертация жасап, Кыргызстанга которушат. Мисалы, биржада бир доллар 51 рубль болсо, алар 53-54 рублден накталай эмес долларга конвертация кылышат. Кыргызстанда боло накталай доллар менен берилсин деп талап кылышат. Алар накталай долларды Кыргызстандан алып чыгып пайда көрүп жатышат. Ушундан улам биздин банктарда доллар тартыштыгы жаралды. Бул абалды тескөө максатында Улуттук банк апрель айында акча которууларга убактылуу чектөө киргизген. Бирок ишкерлер банк эсептерине каалаган валютада акча которуп, кайра ошол валютада акчаларын ала алат",-деди Нурбек Жеңиш.


Парламентте Кыргызстанда банктар чет өлкөлөрдөн которулган акчаларды ошол валютада бербей жатканына байланыштуу маселе бир канча жолу көтөрүлгөн. Улуттук банк мындай коммерциялык банктар аныкталса, аларга карата чара көрүлөрүн эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG