Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Зеленский: Украинага айына 5 миллиард доллар керек


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-июнда НАТОнун Мадриддеги саммитинде видео байланыш аркылуу кайрылуу жасады. Ал Орусиянын чабуулдарына каршы туруу үчүн Киевге заманбап оор курал-жарактар жана кошумча финансылык жардам керек экенин айтты. Москванын дымагы бир гана Украина менен чектелбей турганын белгиледи.

"Украина заманбап артиллерия системасын алган. Ал үчүн сиздерге ыраазымын. Бирок согуш уланып жатат. Бул согушта артиллериянын мааниси чоң. Согуш создугуп кетпеши керек. Аны алдын алуу үчүн биз Орусиянын артиллерия жактан артыкчылыгынын токтотушубуз керек. Бизге дагы заманбап системалар, акыркы үлгүдөгү артиллерия зарыл", - деди Зеленский.

Ал Украинага орус күчтөрүнүн агрессиясынан коргонуу үчүн айына 5 миллиард доллар керек экенин, Москва күн сайын мунай менен газын сатуудан миллиарддаган кирешеге ээ болуп жатканын жатканын кошумчалап, НАТО лидерлерин Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө чакырды.

Испаниянын баш калаасы Мадридде НАТОнун лидерлеринин саммити өтүп жатат. Анда Орусиянын Украинага басып киришинин кесепетине, Швеция менен Финляндиянын аскердик альянска кошулуу аракетине көңүл бурулууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG