Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

НАТО Швеция менен Финляндияны уюмга расмий чакырганы жатат


НАТОнун лидерлери. Мадрид. 29-июнь, 2022-жыл.

НАТО Швеция менен Финляндияны аскердик альянска расмий чакырганы жатат. Уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 29-июнда билдиргендей, бул чечим НАТОнун лидерлеринин Мадридде өтүп жаткан саммитинде кабыл алынмакчы.

"Чакыруудан кийин бул чечим 30 өлкөнүн парламентинде ратификациядан өтүшү керек. Ал ар дайым белгилүү бир убакытты талап кылат. Бирок мен жараян тез эле бүтөт деп ойлойм. Анткени өнөктөштөр ратификация жараянын мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашырууга даяр", - деди Столтенберг.

Швеция менен Финляндия Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу көптөн бери келе жаткан бейтараптуулук макамынан баш тартып, НАТОго кошулуу чечимин кабыл алган.

Бирок бул уюмдагы Түркия Швециянын Анкара террордук уюм деп эсептеген Күрд жумушчулар партиясынын өкүлдөрүнө колдоо көрсөткөнүн жүйө келтирип, Скандинавиядагы эки өлкөнүн НАТОго мүчө болушуна каршы чыккан.

Түркия, Швеция жана Финляндия 28-июнда Мадриддеги эки күндүк саммиттин биринчи күнүндө коопсуздук боюнча макулдашууга кол коюп, Анкара эки өлкөнүн НАТОго мүчө болушуна макулдугун берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG