Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Акылбек Жапаров: карызды төлөй албасак айрым объектилерди башкаруу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берип жатат.

Анда өкмөт башчы тышкы карызды төлөө маселеси бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү өзгөчө орунда турганын айтты. Жапаров эгер Кыргызстан карызын убагында бере албаса, бир нече объектилерди башкаруу башка бирөөлөрдүн колуна өтөрүн эскертти.

"2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карызды төлөйбүз. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыңкы беш жыл катары менен биз 35 миллиарддан 50 миллиард сомго чейин каражат жумшап турушубуз керек. Тышкы карыздын 50% ашыгын Кытайдын Эксимбанкына төлөйбүз. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албай калсак Бишкек Жылуулук электр борборунун, Датка-Кеминдин, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт",- деди Жапаров.


Буга чейин президент Садыр Жапаров быйыл тышкы карыздын негизги бөлүгүн төлөө учуру башталганын, алдыдагы он жыл насыяларды төлөө үчүн мамлекеттик казынага оорчулук түшөрүн билдирген.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карай 5 млрд. 182 млн. долларга барабар. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4,3 миллиард долларга жеткен. Муну менен тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата 53,70% түзүп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG