Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:59
Акылбек Жапаровдун кызматка киришкен учуру. 13-октябрь, 2021-жыл.
Акылбек Жапаровдун кызматка киришкен учуру. 13-октябрь, 2021-жыл.

Парламент өкмөттүн маалыматын укту

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берип жатат.

23:50 29.6.2022

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин маалыматын угуу түнкү саат 23:30га чейин уланды. Жыйын соңунда Акылбек Жапаров "Министрлер кабинетинин ар бир мүчөсү кабыл алынган чечимдер, аткарылган жумуштар жана кемчиликтер боюнча жоопкерчиликти сезип, мыйзамдарды жана адам укугунун сакталышын камсыздай турганын" убада кылды.

Ошондой эле “ККМге каршы топтун артында уюштурган атайын адамдар жана депутаттар да бар экенин" айтты.

Өкмөт алты ай аралыгында жасалган иштер, бюджетти толтуруу, маяналарды, майыптарга, тоголок жетимдерге төлөнчү жөлөк пулдарды көтөрүү, өндүрүштү жандандыруу багытында маалымат берип, алдыда жасалчу иштер, күз-кышка даярдык, ири долбоорлор боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди. Жыйын алты сааттан ашуун убакытка созулду.

Өкмөттүн азыркы курамы 2021-жылдын октябрында ишке киришкен. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен былтыркы жылдын 13-октябрынан тартып Акылбек Жапаров Министрлер кабинети менен кошо президенттик администрацияны да жетектей баштаган.

Жаңы Баш мыйзамда Жогорку Кеңештин бир катар укуктары кыскарган. Тагыраагы, мурдагыдай коалиция түзүп, өкмөт курай албайт. Ошондуктан, парламенттин ролу төмөндөп, бул өз кезегинде бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту жок кылды деген пикирлер айтылып келет.(JsA)

22:37 29.6.2022

Жогорку Кеңештин 29-июнундагы жыйынында өкмөт маалымат берип жаткан чакта бир катар депутаттар Энергетика министрлигин жана анын жетекчиси Доскул Бекмурзаевди сындашты. Анда берилген тапшырмалар убагында аткарылбай, чара көрүлбөгөнү тууралуу доомат айтылды. Министр муну өзү башкарган мекеменин каражаты, мүмкүнчүлүгү чектелүү экени, энергетика тармагында абалдын оордугу менен түшүндүргөнгө аракет кылды.

Талкууда Бекмурзаев менен вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин ортосунда кайым айтыш чыкты. Депутат атайын комиссия түзүп, бул министрликти иликтеп чыгууну сунуштады. Өкмөттүн өкүлү болсо Сыдыгалиев инисин жумушка коюу тууралуу суранганын жарыялады.

"Биздин каршылыгыбыз жок, текшериңиздер. Мен ачуу чындыкты айтып коеюн. Бул жерде жеке кызыкчылыкты көздөгөн адамдар жумушун тарта албай койгон инилерин кызматка коюп бер дегендердин айынан кысымчылык чыгып жатат. Мына, Нурбек мырза (Сыдыгалиев -ред) отурат. Иниси "Чакан ГЭСте" иштеген. Жумушту тарта албай жатканынан иштен алып салганбыз".

Сыдыгалиев тууганын жумушка алуу тууралуу бир жыл мурда айтканын, бирок ошондон бери суранбаганын билдирип, дооматтарды четке какты.

"Бирөөнүн жумушту тарта албай жатканын айткандын ордуна өзүңүздүн деңгээлиңизди билип алыңыз. Сиздин деңгээлиңиз райондогу РЭСтин башчысынын деңгээли. Ушундан улам кызматкерлер, адистер жумуштан кетип калып жатат".

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бекмурзаевге айтылган дооматтар териштирилерин айтты.

22:07 29.6.2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо үчүн ачык сынакта мамлекеттин сунушуна макул болгон бир дагы компания келбегендиктен, түркиялык YDA деген компания менен алдын ала макулдашуу жүрүп жатканын билдирди.

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берүүдө. Жыйында депутат Жанарбек Акаев өлкөдөгү аэропорттордун абалы жана алардын учуп-конуу тилкелерин кеңейтүү боюнча суроо берди.

"Түркиянын YDA компаниясы менен алдын ала макулдашуу болду. Жакын арада Бишкектеги жана Оштогу аэропортту эки жыл аралыгында реконструкциялоо үчүн 450 млн. доллардан 1 миллион долларга чейин инвестиция салып, бардык жумуштарды бүтүрмөй болуп жатат. Эгер жакынкы күндөрү макулдашууга кол коюлса, жумуштар башталат. Биз тараптан бир шарт коюлду - көрсөтүлгөн мөөнөттө жумуштар аяктабаса, салынган инвестиция толугу менен Кыргызстанга өткөрүлөт”,- деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле түркиялык YDA деп аталган компания буга чейин Түркмөнстанда аэропортту өз мөөнөтүнөн мурда куруп тапшырганын, аба майданын тең башкарып, пайданы да тең бөлүү сунушталганын кошумчалады.

22:04 29.6.2022

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров 29-июнда парламентте маалымат берип жатып Балыкчы-Кочкор темир жолунун беш чакырымы курулганын, аны толук куруп бүтүрүү үчүн учурда инвестор изделип жатканын айтты.

Март айынын аягында Балыкчы–Кочкор темир жолунун курулушу расмий башталган. Анда “Балыкчы” станциясындагы салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалы түзүлүп жатканын, ал өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG