Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:32

Жапаров Кыргызстан ККМ колдонууда артта калганын билдирди


ККМ колдонуу маселелери боюнча Акылбек Жапаров башында турган жумушчу топ түзүлгөн.
ККМ колдонуу маселелери боюнча Акылбек Жапаров башында турган жумушчу топ түзүлгөн.

Өкмөт башкы Акылбек Жапаров Кыргызстанда көзөмөл-кассалык аппаратты (ККМ) колдонгондордун саны соңку учурда 2,4 эсеге көбөйгөнү менен Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө башка мамлекеттерден ичинен кыйла артта калганын айтты.

"Биз ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн дээрлик 4,5 эсе артта калуудабыз. Биз Салык кодексин демилгелеп жатканда, патент системасынан өтүүгө түрткү берүүчү ченем болгон. Биринчи жылы толугу менен бошотуу, жүгүртүүсү жылына 8 млн. сомдон ашпаган субъектилерди бошотуу каралган. Эми биз көрсөтүлгөн чектик суммага көтөрүүгө даярбыз. Бирок өзүңүздөр билгендей, салыксыз режимдин кандай чегине болбосун макул болбогон субъектилер да бар. Анын ордуна, алар патент ставкаларын 2 же 3 эсеге чейин же андан да ашык көтөрүүнү сунуштоодо. Алардын артында турган эң негизгиси, эсепке алуу жана ачык мамлекеттик көзөмөл болбошу керек. 1-июлда “Салык чек” лотореясы ойнотулат. Бүгүнкү күнгө 3,2 млрд сомдук чек сканерден өттү",-деди Министерлер кабинетинин төрагасы.

Буга чейин Бишкекте жана бир катар аймактарда ККМдин киргизилишине нааразы соодагерлер нааразылык акцияларын өткөргөн. Анда Акылбек Жапаров бул аппаратты киргизүү убактылуу токтотулуп турарын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен бирге маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгилеген. Учурда жумушчу топтун иши аяктай элек.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумушту аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG