Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Жапаров “Жол фондуна” машинелерден салык алуу каралып жатканын айтты


Иллюстрация. Кыргызстандагы жолдордун бири.
Иллюстрация. Кыргызстандагы жолдордун бири.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда парламентте маалымат берип жатып, өлкөдөгү жолдорду оңдоо максатында түзүлгөн “Жол фондуна” машинелерден салык алуу каралып жатканын билдирди.

“Жол фондун” түзүп бердиңер, ал жакшы иштебей жатат. Негизи жолдорду оңдой турган “Жол фонду” болчу. Дүйнө жүзүндө 1 литр бензиндин баасынан акча “Жол фондуна” барат. Ошол акчага жол оңдолот. Биз баарын бюджеттин эсебинен жасап жатабыз. 1 млн. 415 миң машине болуп кетти. Биз жакынкы арада ушуга өтөбүз. Ким көбүрөөк айдаса ошол фондго акча төлөйт. Биздин эсеп боюнча 10 жылдын ичинде базар шарттарын киргизип алсак 1 млрд. 400 млн. доллар жылына чогулуп турмак”, - деди Жапаров.

Январда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында "Жол фонду" түзүлгөн. 1-февралда Жогорку Кеңеште аны түзүүнүн шарты, анын жол-жобосу камтылган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өткөн.

Долбоор Кыргызстандын аймагында жол тармагын өнүктүрүү үчүн каржылык ресурстарды түзүүгө багытталган.

"Жол фондуна" акча республикалык бюджеттен, күйүүчү жана майлоочу майларга салынган акциз салыгынан жана башка булактардан чогулат. Негизги максаты жол тармагынын финансылык базасын чыңдоо жана жол тармагын өнүктүрүү, тышкы карызды тейлөө экени айтылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG