Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Украин согушунда Кытай кантип "башкы демөөрчүгө" айланды?


 Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин БРИКС уюмунун саммитинде. 22-июнь, 2022-жыл.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин БРИКС уюмунун саммитинде. 22-июнь, 2022-жыл.

Кытай Орусиянын арзандаган мунайына барган сайын көз артып, Украинадагы урушта Кремлдин башкы демөөрчүсүнө айланды. Муну менен Бээжин Москвага Батыштын катаал экономикалык сакцияларынын таасирин жумшартып, кирешенин ишеничтүү булагы болууда.

Орусия Украинага басып киргенден берки төрт айда Кытай орусиялык мунай өндүрүүчүлөрдүн ири кардарына айланып, Германиядан озуп өттү. Кытайга жана Индияга мунай сатуу - Орусияга эң ири кардары Европа согушка чейин алган газдын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк берди. Май айында Кытай менен Индия күнүнө болжол менен орустардын 2,4 миллион баррел чийки мунайын сатып алды. Бул Орусиянын экспортунун тең жарымын түзөт.

Ошентип Бээжин Батыштын кысымына кабылган Орусиянын кирешесинин артышына түрткү болуп, Москвага согуштук аракеттерин улантууга каржылык таяныч берди. Ошол эле маалда орус мунайын арзан баада сатып алуу менен Кытай өзүнүн запастарын диверсификациялап, ал эми Индия бензин жана дизел отуну сыяктуу мунайды кайра иштетип сатуудан (реэкспорт) чоң пайда көрдү.

Азырынча мындай сатып алууларга кыйыр санкциялардын коркунучу жок. Учурда Европа биримдиги мунайга жарым-жартылай тыюу салды. Бирок Бээжин менен Нью-Делинин орус мунайын мындан ары да сатып алууга канчалык даяр экени жыл аягында катаал чаралар толук күчүнө киргенден кийин билинет.

22–23-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин БРИКС уюмуна кирген Бразилиянын, Орусиянын, Индиянын, Кытай менен Түштүк Африканын лидерлеринин виртуалдык саммитин уюштурду. Анда ал Батыш санкцияларын дүйнөлүк экономиканын "куралданышы" катары айыптап, топту ынтымакта иштөөгө чакырды.

Саммиттеги сөзүндө Орусиянын президенти Владимир Путин БРИКС өлкөлөрү "эл аралык эсеп-кысаптын ишеничтүү альтернативдик механизмдерин иштеп чыгып жатканын" жана "БРИКС валюталарынын топтому менен эл аралык камдык валютаны түзүү маселеси көтөрүлүп жаткандыгын" билдирди.

Москва Кытай менен Индия сыяктуу "батыштык эмес" рынокторго жана өнөктөштөргө канчалык үмүт арта алат? Алар санкциялардын кесепеттерин жеңүүгө жардам бере алабы? Британ эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун (IISS) илимий кызматкери Мария Шагина менен
ушул тууралуу маектештик.

Мария Шагина.
Мария Шагина.

- Украинадагы согуштун натыйжасында Кытай орус мунайынын ири кардары болуп калды. Кытай жана Орусия мамилелеринин өнүгүш нугунда бул эмнени билдирет жана алардын өнөктөштүгүнүн тереңдеши десек болобу? Же Бээжин арзан энергия булагын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн ушундай кадамга барып жатабы?

Мария Шагина: Биз Орусия жана Кытай "чек арасыз" өнөктөштүктү орноткондугун бир канча ирет уктук жана жакында [15-июнда] Си Цзиньпин Орусия менен эки тараптуу кызматташтыкты колдой тургандыгын дагы бир ирет билдирди. Бирок Кытайдын сөзү анын иши менен кескин айырмаланарын билебиз. Бул 2014-жылы (Бээжин менен Москва өз байланыштарын кыйла ыкчам тереңдете баштаган учурда) эле аныкталган. Кытай Орусиянын обочо калганынан, орустун арзан чийки мунайын сатып алуу аркылуу дагы пайда көргүсү келет. Ошентсе да Батыш санкцияларын бузууга келгенде Кытайдын жеке сектору абдан сак.

Алиге чейин Батыш орусиялык мунайга толук санкция киргизе элек. Евробиримдиктин мунай эмбаргосу 5-декабрда гана башталат. Демек, санкциялар толук күчүнө киргенге чейин орусиялык энергиядан этап-этабы менен баш тартуу улана берет. Ал эми бул мезгилде Кытай менен Индия Орусиядан арзан баада сатып алып жаткан мунайдан эбегейсиз пайда көрмөкчү.

- Кытай негизинен кыйыр санкцияларды буйтап өтүү үчүн өтө этияттанат эмеспи. Айрыкча, кеп жарым өткөргүчтөр сыяктуу алдыңкы технологиялар жөнүндө болуп жаткан кезде Москваны Бээжин мындан ары кыйла ачык колдошу мүмкүнбү?

Мария Шагина: Кытай өзүнүн "балансы" менен арасат абалда турат. Ал эми согуш оожалган сайын Бээжинге расмий бейтараптыгын, б.а. "орусчул бейтарап" турумун сактап калуу барган сайын кыйын болот. Ал Орусия тарапка ыктайт.

2014-жылдан баштап Москва өзү үчүн бул татаал [каржы] маселени чечүүдө Бээжиндин колдоосуна зор үмүт арткан болчу. Андан бери Кремл Кытайдан иш жүзүндө кандай жардам күтүү керектигин кыйла сергек баамдай баштады. Бээжиндин көмөгүнө Москванын азыр да ичи чыкпай турат.

Орусия президенти Владимир Путин БРИКСтин виртуалдык саммитинде. 23-июнь, 2022-жыл.
Орусия президенти Владимир Путин БРИКСтин виртуалдык саммитинде. 23-июнь, 2022-жыл.

24-февралдагы кол салуудан соң санкциялар киргизилгенде Кытай каржылык колдоо көрсөтпөгөнү жана технологияларды бербегени үчүн орус тараптан анча-мынча нааразылык болгонун билебиз. Бул жааттан алганда Орусия учурда Кытайдын жана башка санкция салууга кошулбаган өлкөлөрдүн көмөгүнө ашкере көз каранды болуп жатат. Бирок Кытай санкциялардын кесепеттерин жумшартуу жагынан пайдасы тие турган негизги мамлекет болуп калууда. Кеп Бээжин Москвага каржылык жардам көрсөткөн-көрсөтпөгөнүндө эмес, кеп ал азыр санкцияларга дуушар болуп жатканда кайсы бир технологияны, мисалы, чиптер менен жарым өткөргүчтөрдү берер-бербесинде.

2014-жылдын сабактары кытайлык жеке сектор өтө аяр, ал өз бүтүмдөрүндө АКШнын долларынан абдан көз каранды экенин, ошондуктан санкцияларга кириптер болгон орусиялык мекемелерден оолак болууга аракет кыларын билдирет. Этияттык үчүн ал атүгүл санкциялардын талаптарын ашкере сактайт. Ошентип, көлөмүн жана олуттуулугун эске алганда учурдагы болуп көрбөгөндөй көп санкциялардын тушунда мен Кытайдын жеке сектору мындан ары да тобокелдикке барбайт деп айтар элем.

Бирок мамлекеттик институттар башкача мамиле кыларын унутпашыбыз керек. 2014-жылы Кытайдын Экспорт-импорт банкы менен Орусиядагы жаратылыш газын экинчи ири өндүрүүчү Кытай өнүктүрүү банкы "Новатэк" сыяктуу [орусиялык] компаниялардын долбоорлорун каржылоого катышкан. Бул өңүттөн алганда санкцияларга дуушар болгон юридикалык жана жеке тараптарды колдоосу али да мүмкүн, биз мындай колдоону көзгө илбей койбошубуз керек.


- Си Цзиньпин БРИКС саммитин өткөрүп, анда ал бул уюмдун дүйнөлүк экономика үчүн орчундуу экендигин айтса, ошол эле учурда орус серепчилери БРИКС Батыш санкцияларын начарлатуу үчүн чечүүчү мааниге ээ экендигин бир канча жолу билдирди. Украинадагы согуш БРИКСке өз дараметин ишке ашырып, кыйла олуттуу рол ойногонго мүмкүнчүлүк береби?

Мария Шагина: Азыр БУУдан колдоо таппаган бир тараптуу санкцияларды Батыштын, Кошмо Штаттардын жана ЕБнын колдонушуна каршы турууну жактаган абдан таасирдүү сөздөр да айтылууда.

Орусия [БРИКС алкагында ] кызматташтыкты кеңейтүүгө кантип умтулуп жатканына Индия дагы бир мисал. Бирок биз мында мунай менен соода-сатык кылуудан бөлөк жылышты көрбөй турабыз. Маселен, Москва төлөмдөр тутумдары жана санкцияларга байланыштуу ага колдонууга тыюу салынган SWIFT альтернативалары үчүн ар түрдүү жолдорду колдонууну сунуш кылды. Бирок аталган демилгелердин бири да ишке ашкан жок, алар жалпысынан токтоп турат.

Мен бул саммитте АКШнын үстөмдүгүнө каршы туруу мүмкүнчүлүгү бардыгы көрүндү деп ойлойм. Бирок ал чоңураак бир нерсеге айланабы же жокпу, көрө жатарбыз.

Суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) ташуучу "Владимир Русанов" танкери Орусиянын Ямал Арктика жарым аралынан келгенден кийин. Цзянсу провинциясынын Наньтун шаарындагы терминал, Чыгыш Кытай. 19-июль, 2018-жыл.
Суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) ташуучу "Владимир Русанов" танкери Орусиянын Ямал Арктика жарым аралынан келгенден кийин. Цзянсу провинциясынын Наньтун шаарындагы терминал, Чыгыш Кытай. 19-июль, 2018-жыл.

- Кытай экономикасынын Орусиянын экономикасына таасири кандай болот? Сиздин оюңузча, алдыда эмне болот жана эмнеге көңүл буруу абзел?

Мария Шагина: Кытайдын мүмкүнчүлүктөрүнүн бири - Орусияга жарым өткөргүчтөрдү жана кеңири мааниде технологияларды берүү. Кытай жардам берер-бербесин байкоо үчүн ушуга көңүл буруу зарыл. АКШнын расмий кишилери билдиргендей, буга чейин Кытай тараптан ырааттуу колдоо болгон жок. Бирок Орусияга каршы санкциялардын басымын жумшартуу үчүн Кытайдын жарым өткөргүчтөрдү берүүгө даяр экени эки өлкөнүн өнөктөштүк деңгээлин эске алганда чындыкка жакын.

Европа биримдиги тыюу салган жана Орусия өз алдынча алмаштыра албаган суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) сыртка чыгаруу үчүн кытай компаниялары көмөк көрсөтөбү же жокпу, бул дагы көңүл бура турган маселе. 2014-жылдан тартып кытайлардын инженерлик кызмат көрсөтүүчү компаниялары бул жабдуулардын 80% чейин ташып жеткиришкен. Ошондуктан Кытайдын өз турумун бекемдөө жана Арктикадагы Бээжин колдогон энергетикалык долбоорлорду келечекте кошумча каржылоо максатында кийлигишкенге мүмкүнчүлүгү бар.

Автор: Рид Стэндиш, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баяндамачысы

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG