Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

"Атып өлтүрүүгө уруксат берилген". Шинжаңдагы азаптын жаңы далили


Шинжаң полициясынын машыгууларынын биринде тартылган сүрөт. Булак: xinjiangpolicefiles.org
Шинжаң полициясынын машыгууларынын биринде тартылган сүрөт. Булак: xinjiangpolicefiles.org

Кытай полициясынын жаңы документтери Шинжаңдагы кайра тарбиялоочу лагерлерге камалган миңдеген уйгурлардын тек-жайын ачыкка чыгарды. Ошондой эле күч кызматкерлерине лагерлерден качууга аракет кылган адамдарды атып өлтүрүүгө уруксат берилгенин күбөлөдү.

Уйгурлардын аянычтуу тагдыры

"Шинжаң полициясынын файлдары" деп аталган он миңдеген документтердин арасында 2800дөн ашуун кытайлык уйгурдун сүрөттөрү бар. Бул сүрөттөр 2018-жылдын январь-июль айларында Кашкар аймагындагы Конашехер конушундагы полиция бекеттеринде тартылган.

Алардын арасында 50 жаштагы Абагүл Тебеккүлдүн сүрөтү өзгөчөлөнүп турат. Анын көзүнө жаш толгон кейиштүү абалы сүрөт кандай шартта тартылганын туюнтуп тургансыйт. Документтерде Абагүлдүн 2017-жылдын октябрында "кайра тарбиялоо үчүн" деген негиз менен кармалганы жазылганы менен буга анын кайсы кадамдары себеп болгону так көрсөтүлгөн эмес.

Шинжаң полициясы кармаган уйгурлардын арасында 50 жаштагы Абагүл Тебеккүл (ортодо) да бар. Булак: xinjiangpolicefiles.org
Шинжаң полициясы кармаган уйгурлардын арасында 50 жаштагы Абагүл Тебеккүл (ортодо) да бар. Булак: xinjiangpolicefiles.org

Ачыкка чыккан бул сүрөттөрдүн айрымдарында Шинжаңдын тургундарын күч кызматкерлери кайтарып турганын көрүүгө болот. BBC жазгандай, документтерде аты аталган уйгур тектүү тургундардын көбү ислам динин карманарын ишарат кылган сырткы белгилери үчүн жана мусулмандар көпчүлүктү түзгөн өлкөлөргө барганы үчүн кармалган.

Маселен, 2017-жылдын октябрь айында полиция 60 жаштагы Тажыгүл Тахирди "мыйзамсыз акыл-насаат айткан" деген негиз менен лагерге жөнөткөн. Документтерде айтылгандай, анын уулу алкоголдук ичимдиктерди ичпегени жана тамеки тартпаганы үчүн "диний ишеними күчтүү" деген жүйө менен кармалган жана террорчулук айыптары менен 10 жылга кесилген.

Андан тышкары электрондук жабдыктарын жетиштүү деңгээлде колдонбогону үчүн полициянын каарына калгандар да болгон. Ачыкка чыккан документтерде "телефонумдун бирдиги түгөнүп калды" деген түшүндүрмө жарандын кытай бийлигинин онлайн көзөмөлүнөн качканынын белгиси катары сыпатталган.

Сүрөттөгү шинжаңдык уйгурлардын эң жашы 15те, эң улуусу 73 жашта болгон.

24-майда жарыяланган жаңы документтер Шинжаңдын көбүнесе этникалык азчылыктар жашаган конуштарындагы полициянын компьютерлеринен жана маалымат базаларынан хакерлик жол менен алынган.

Үчүнчү тараптар бул документтерди баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан "Коммунизмдин курмандыктарынын мемориалдык фондуна" өткөрүп берген.

Аталган фонд документтерди анализдеп чыгып, 10дон ашуун өлкөдөгү BBC, Le Monde, Der Spiegel сыяктуу 14 маалымат каражаты менен бөлүшкөн.

"Шинжаң полициясынын файлдарынын" чын-бышыгын тактап чыккан, "Коммунизмдин курмандыктарынын мемориалдык фондунун" улук изилдөөчүсү Адриан Зенц жаңы документтер Бээжиндин "бүтүндөй этностук топторду көзөмөлдөп, белин мертинтүүнү көздөгөн саясатын" ашкерелегенин айтты.

"Лагерлерге көптөгөн улгайган адамдар камалганын маалымат базасынан көрдүк. Бул маданий жана руханий мурасты жайылтып жаткан бүтүндөй бир муун коомдон бөлүнгөнүн көрсөтөт. Балдар жатак мектептерине жөнөтүлгөн. Бул бүтүндөй этникалык топту ассимиляция кылуучу программа. Жаңы далилдер Шинжаңдагы кайра тарбиялоочу лагерлер же "кесипке үйрөтөт" деген борборлор жакырчылыкты жоюуга же адамдарды жумуш орундары менен камсыз кылууга эч кандай тиешеси жок экенин көрсөтөт", - деди Зенц.

2018-жылдын февраль айында кармалган шинжаңдык Ильхам Исмаилдин жанында күч кызматкери турат. Булак: xinjiangpolicefiles.org
2018-жылдын февраль айында кармалган шинжаңдык Ильхам Исмаилдин жанында күч кызматкери турат. Булак: xinjiangpolicefiles.org

Лагерлердеги катаал эрежелер

Кытай полициясынын ачыкка чыккан документтеринин арасында шинжаңдыктардын сүрөттөрүнөн тышкары 300 миңден ашуун адам тууралуу маалымат, кармалган 23 миң кишинин таржымалы, лагердеги полициянын 10дон ашуун колдонмосу бар.

Колдонмолордогу эрежелерге ылайык, кандайдыр бир өзгөчө абал жарыяланган учурда күч кызматкерлери лагерлерге кирип-чыккан жолдорду, имараттардын эшиктерин жабышы керек болгон. Эгер лагерлерден качууга аракет кылган адамдар эскертүү иретинде атылган окко кулак салбаса, анда аларды атып өлтүрүүгө уруксат берилген.

Иликтөөгө катышкан германиялык Der Spiegel журналынын журналисти Фридрих Обермайер соңку документтер Бээжиндин Шинжаңдагы укук бузууларга байланыштуу аргументтерин жокко чыгарганын "Немис толкуну" телеканалына айтты.

"Кытай өкмөтү "бул кесипке үйрөтүүчү мектептер", "адамдар каалаган учурда бул борборлордон кетсе болот" деген жүйөнү айтып келет. Бирок биздин колубузга тийген документтерден адамды атып өлтүргөнгө уруксат берген чечим бар экенин көрүп жатабыз. Ал жакта уйгурлар күч менен кармалып турганына күбө болдук", - деди Обермайер.

Ачыкка чыккан файлдардын арасында кытай полициясынын лагерлердеги машыгууларында тартылган сүрөттөр, Шинжаңдын мурдагы партиялык жетекчиси Чэнь Цюаньго баштаган расмий жетекчилердин сөзү бар. Алар лагерде кармалгандарга кандай мамиле жасалашы керектиги жөнүндө бир катар маселелерге токтолушкан.

Кайра тарбиялоочу лагерлердеги ички эрежелерге ылайык, кармалгандар башка жайларга которулганда, керек болсо ооруканага жеткирилгенде көзү таңылып, колу кишенделиши керек экени белгиленген.

"Бизде лагерлердеги кароол мунараларында аскердик пулемёттор жана снайпер мылтыктары колдонулганын ырастаган далилдер бар. Бул адамдарды сындырууну көздөгөн өнөктүк экени анык", - деди изилдөөчү Адриан Зенц.

Ал жаңы документтер Кытай жетекчилеринин "паранойянын деңгээлине" жеткен коркуу сезимдерин жана алардын укук бузууларга түздөн-түз катышканын ачыкка чыгарганын кошумчалады.

"Си Цзинпиндин өзү жана борбордук бийлик лагерлерге жакындан көз салып турганы, массалык камоо жайларынын чоо-жайларынан кабардар экени, алар лагерлер менен түрмөлөрдө эл толуп калганын билгени бул документтерден, өзгөчө Кытайдын коомдук коопсуздук боюнча министринин 2018-жылдын июнундагы сөзүнөн анык көрүнүп турат. Аларга көбүрөөк акча, көбүрөөк кызматкерлер жана көбүрөөк түрмө, кармоочу жайлар керек экени айтылган. Бээжин кайра тарбиялоочу лагерлердин ишин жүргүзүү үчүн көбүрөөк акча берүүгө макул болгон. Документтер борбордук өкмөт бул ырайымсыздыкка башынан бери эле жакындан аралашып келгенин күбөлөйт", - деди Адриан Зенц.

Шинжаңдагы Кашкар шаары, 6-сентябрь 2018-жыл.
Шинжаңдагы Кашкар шаары, 6-сентябрь 2018-жыл.

"Коммунизмдин курмандыктарынын мемориалдык фонду" эл аралык коомчулукту Кытайдын борбордук бийлигинин Шинжаңдагы укук бузууларга түздөн-түз аралашканын таанып, Бээжиндеги расмий жетекчилерге санкция салууга чакырууда. Ошондой эле Батыш мамлекеттерин, мусулман өлкөлөрдү Кытай менен мамилесин кайра карап чыгууга үндөп жатат.

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс "Шинжаң полициясынын файлдары" Кытайдын үрөй учурган укук бузууларын дагы бир жолу далилдегенин айтты.

"Жаңы далилдер Кытайдын уйгур мусулмандарына жана башка этностук азчылыктарга каршы аракетинин адаттан тыш масштабын айгинелеп турат", - деп билдирди Трасс.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги да жаңы документтерде айтылган укук бузууларды ачык-айкын иликтеп чыгууга чакырды.

Кытайдын Вашингтондогу элчилиги "Шинжаң полициясынын файлдарын" иликтеген журналисттердин суроолоруна жооп берип, Бээжин дерадикализация багытында чечкиндүү, натыйжалуу жана ишенимдүү чараларды көрүп жатканын белгиледи.

"Азыр региондо социалдык туруктуулук, гармония жана экономикалык өнүгүү өкүм сүрүп жатат", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Кытай элчилиги региондогу мындай "өнүгүү" Шинжаңдын айланасындагы "жалган маалыматтар жана дезинформацияга" каршы эң таасирдүү жооп экенин белгилеген.

Жогорку комиссардын Кытай сапары

2017-жылдан бери Кытайдын Шиңжан-Уйгур автоном районунда 1 миллиондон 2 миллионго чейинки уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман жамааттарынын өкүлдөрү кайра тарбиялоочу лагерлерге негизсиз камалганы кабарланып келет.

Укук коргоо уюмдары жана Батыш өлкөлөрү бул лагерлерде кыйноо сыяктуу одоно мыйзам бузуулар орун алганын, Бээжин бул жайларды жергиликтүү мусулман жамааттарын мажбурлап кытайлаштыруу үчүн жана алардын улуттук өзгөчөлүктөрүн жок кылуу үчүн колдонуп келатканын айтып келет.

АКШ жана айрым Батыш өлкөлөрү Бээжиндин Шинжаңдагы мусулман жамааттарына жасаган мамилесин геноцидге жана адамзатка каршы кылмышка теңеген.

БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Мишель Бачелеттин Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусу, 24-май 2022-жыл.
БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Мишель Бачелеттин Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусу, 24-май 2022-жыл.

Бирок Бээжин бул жайларды "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп мүнөздөп, Шинжаңдагы айрым чектөөлөрдү "терроризм жана экстремизмге" каршы күрөш катары сыпаттайт жана Батыш өлкөлөрүн Кытайдын ички ишине кийлигишти деп сындап келет.

"Шинжаң полициясынын файлдары" Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет алты күндүк иш-сапары менен Кытайда жүргөн учурда жарыяланды. Бул БУУнун жогорку даражалуу өкүлүнүн Кытайдагы 2005-жылдан берки биринчи сапары.

Анын 23-майдан 28-майга чейин созулуучу бул сапарына Бээжин бир нече жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин гана уруксат берген. Бирок бир катар укук коргоо уюмдары Бачелеттин бул визитин Бээжинге Шинжаңдагы укук бузууларын ого бетер жаап-жашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү сапар катары сыпаттап жатышат.

Human Rights Watch укук коргоо уюмунун Кытай боюнча директору Софи Ричардсондун айтымында, Кытай өкмөтү БУУнун жогорку комиссарына Шинжаңдагы чыныгы кырдаалды көрсөтпөйт жана Бачелет укук коргоочулар, жабырлануучулар жана алардын үй-бүлөлөрү менен Кытай бийлигинин көзөмөлү жок сүйлөшө албашы мүмкүн.

"Эркин Азия радиосу" кабарлагандай, Бачелеттин сапарынын алдында Шинжаңдагы расмий жетекчилер жергиликтүү уйгурлардан чет өлкөлүктөр менен сүйлөшпөөнү талап кылышууда жана Кашкардагы полиция кызматкерлери "саясий маселелер боюнча окууга" да жөнөтүлүп жатат.

Бачелет Кытайдагы сапарынын алкагында Шиңжан районундагы Кашкар жана Үрүмчү шаарларына барары, Гонконгдогу, Тибеттеги, Ички Монголиядагы адам укуктарынын абалына көңүл бурары кабарланган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG