Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

AP: Шинжаңдагы райондо ар бир 25-тургун абакта отурат


Шинжаңдагы кармоочу жай делген лагерь. Иллюстрациялык сүрөт

Кытайдын Шинжаң аймагындагы Конешехер районунун дээрлик ар бир 25-тургуну терроризм же экстремизмге байланышкан айыптын негизинде абакта отурат.

Бул тууралуу Associated Press агенттиги ал жактагы бийликтин ачыкка чыгып кеткен маалыматына таянып жазды.

Ошол сыр сакталган маалыматты анализдесе, темир тор артында отургандардын саны жагынан 267 миң калктуу район дүйнөдө биринчи орунда турат.

Агенттик 10 миңден ашуун уйгурдун ысымы камтылган тизменин бир бөлүгүн верификациялаган.

Кесилгендер эки жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылган. Арасында жаштар жана улгайган адамдар бар. Тизмени аты аталбаган булак Шинжаңдагы лагерлерди изилдеген Евгений Бунинге бергени айтылат.

Маалыматтар укук коргоочулардын Кытай бийлиги түрмөгө салууну саясий репрессиянын куралы катары пайдаланып келатат деген ырастоолорун бышыктайт.

2017-жылдан бери Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыз баштаган ж.б. мусулман жамааттарынын өкүлдөрү кысымга кабылып жатканы кабарланып келет. Эл аралык уюмдар билдиргендей, Кытай шинжаңдык этностордун өкүлдөрүн "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" негизсиз камакка алган.

Расмий Бээжин дооматтарды четке кагып, "саясий лагерлерди" кесипке үйрөтүүчү борборлор деп мүнөздөп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG