Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:33

Бээжин НАТОго сөөмөй кезей баштадыбы?


АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын президенти Си Цзиньпиндин виртуалдуу сүйлөшүүсү, 15-ноябрь, 2021-жыл.

Украинадагы согуш башталганда Москванын колдой турганын ачык билдирбеген Бээжин эми конфликттин чыгышына НАТО себепчи экенин айтып, бул аскердик альянсты сындай тургандай түр көрсөтүүдө.

Адистер Кытай НАТОнун Азияга багыт алышынан кооптонуп турганын билдирүүдө. Кытай Украинадагы согушту жана АКШ менен НАТОнун Киевге колдоо көрсөтүшүн Инд-Тынч океан аймагында Бээжин менен Батыштын аскердик блогунун ортосунда болочокто жаралышы мүмкүн болгон чыңалуунун жарчысы катары караштырып жатат.

Орусиянын танктары адеп 24-февралда Украинага кирип келгенден бери Бээжин эки оттун ортосунда олдоксон абалда калгандай болду. Бир жагынан Кытай Орусияга ачык колдоо көрсөткөн жок. Ошол эле учурда Бээжин Кошмо Штаттарды жана НАТОнун башка өлкөлөрүн Кремлдин каршылыгына карабай чыгышты көздөй кеңейип отуруп, согуштун чыгышына шыкак берди деп айыптады.


Эми Украинадагы согуш уланып, орус армиясы бир катар кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жаткан шартта Кытай НАТО менен АКШнын Азиядагы таасири тууралуу риторикасын дагы күчөттү.

Ван Вэнбин.
Ван Вэнбин.

"Соңку жылдары НАТО же Түндүк атлантикалык аскердик альянс таасирин арттыруу жана жаңжалдарга шыкак берүү үчүн Азия-Тынч океан аймагына келди", - деп айтты апрель айынын соңунда Кытайдын Тышкы иштер министлигинин басма сөз өкүлү Ван Вэнбин. "НАТО Европада будуң-чаң салды. Эми Азия-Тынч океан аймагына жана керек болсо бүтүндөй дүйнөгө бүлүк салууга аракет кылып жатабы?", - деди ал.

Ван Вэнбин бул сөзүн Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасстын соңку билдирүүсүнө жооп иретинде айткандай болду. Трасс Украинадагы согуштан кийин НАТОну күчтөндүрүүгө чакырып, Кытай "эреже менен ойношу" керек экенин эскерткен эле.

Кытай да, АКШ да Орусиянын Украинага кол салганын эки өлкөнүн Азиядагы болочок тирешинин башаты катары көрөт. Ошондуктан Бээжин НАТОго өзгөчө маани бере баштады.

Былтыр НАТО Кытайга көбүрөөк көңүл бурууга ниеттенип жатканын билдирген. Андыктан Бээжин аскердик уюмдун алдыдагы стратегиясында чоң ролго ээ болот деп күтүлүүдө.

Вашингтон да Украинадагы согуш ага узак мөөнөттө күтүүсүз артыкчылык берерин түшүндү. 10-майда Bloomberg басылмасы АКШнын расмий жетекчилери Европада коргонуу тармагына бөлүнгөн каражаттын көбөйүшү жана Орусиянын алсырашы коопсуздук маселесинде Кытайга көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет деп ойлоп жатканын кабарлады.

Бул максаттар акыркы жылдары алакасы арта түшкөн Бээжин менен Москванын НАТОго жана АКШга ишенбей жатканынын жана көп серепчилер айткандай, Кытайдын Украинадагы согушта Орусияны жалгыз калтырбаганынын бир себеби.


Талдоочулар менен Батыштагы расмий жетекчилер Бээжин Орусиянын Украинага кол салышына дыкат көз салып турганын жана Тайвандын айланасындагы ыктымал чыңалуулар үчүн өзүнө тыянак чыгарып чыгарып жатканын эскертишүүдө. Кытай Тайванды өз аймагы деп эсептейт жана эгер расмий Тайбэй Бээжинге баш ийип бербесе, бул аралды басып алабыз деп сес көрсөтүп келет.

"Кытай Батышка кошулуп Орусияны айыптаса, муну Вашингтон менен Европа өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү кош колдоп кубаттайт. Бирок ал Орусия менен өнөктөштүгүнөн айрылып калат", - деп жазды Кытайдын армиясынын отставкадагы офицери, полковник Чжоу Бо The Economist басылмасына.

"Американын Кытайга кайра кызыгышы убакыттын гана маселеси. Байден администрациясынын менин өлкөмө карата саясаты - согушка жетип-жетпей токтогон "катаал атаандаштык", - деди полковник.

Украинадагы согуш "күзгү" болуп береби?

Американын Инд-Тынч океан аймагындагы стратегиясы менен НАТОнун Европада кеңейишинин ортосундагы параллелдер мурдатан бери айтылып келет. Кытайдын президенти Си Цзинпин жана орус президенти Владимир Путин муну февраль айында кездешкенден кийин жарыяланган беш миң сөздөн турганын биргелешкен билдирүүсүндө баса белгилешкен.

Ал документте эки президент "НАТОнун мындан ары кеңейишине" каршы экенин белгилешип, "АКШнын Инд-Тынч океан аймагындагы терс таасирине дыкат көз салууну" убада кылышкан. Алар Бээжин менен Москванын ортосунда "чектөөлөрү жок" өнөктөштүк бар экенин жарыялашкан.

Кытайдын бул сыяктуу каршылыгына карабастан, эксперттер НАТОнун ролу менен АКШнын Инд-Тынч океан аймагындагы стратегиясынын ортосунда маанилүү айырмачылыктар бар экенин айтышат. Американын стратегиясында НАТОнун алкагынын сыртындагы түрдүү экономикалык жана саясий багыттар камтылган. Мындан тышкары АКШ Тынч океандагы узун чек арасына да көңүл бурат.

Владимир Путин менен Си Цзинпиндин Москвадагы жолугушуусу. 5-июнь 2019-жыл.
Владимир Путин менен Си Цзинпиндин Москвадагы жолугушуусу. 5-июнь 2019-жыл.

Ошентсе да Украинадагы согуш чөлкөмгө таасирин тийгизчүдөй. Март айында Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ле Юйчэн бул кризисти Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздукка байланыштуу кырдаалды түшүнүү үчүн "күзгү" катары караса болорун айткан.

АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы үчүн Азияны көздөй кадам өтө маанилүү жана узактан бери талап кылынган маселе катары мүнөздөлүүдө.

Вашингтон Кытайдын региондо аскердик жана экономикалык күчүн кыянат пайдаланып жатканын барган сайын көбүрөөк эскертип, буга Бээжиндин Гонконгго тыкыр көзөмөл орнотуу аракетин, Түштүк Кытай деңизинде аскердик таасирин кеңейтип жатканын, Шинжаңдагы 1 миллиондон ашуун уйгур, казак жана башка мусулман азчылыктарынын лагерлерге камалышы менен коштолгон укук бузууларды мисал келтирип келет.

АКШ менен Кытайдын расмий өкүлдөрү Украинадагы согуш менен Азиядагы күчөгөн чыңалуунун ортосундагы параллелдерди байкаганы менен экөө эки башка тыянак чыгарып жатат.

АКШнын расмий өкүлдөрү Европадагы коргонуу тармагына бөлүнгөн каражаттын көбөйүшүн, Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулууга багыт алганын позитивдүү өнүгүү катары карап, бул АКШга узактан бери артка калтырылып келе жаткан "Азияга бурулуу" жараянын колго алууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенет.

Бул саясатты алгач ирет Барак Обама АКШнын президенти болуп турган учурда аныктаган жана бул кадам зарыл деп эсептелинип келет. Америкадагы саясатты аныктаган чөйрө өлкөнүн башкы аскердик каршылашы катары Орусияны эмес, Кытайды көрсөтүп келишет.

Бирок Кытайдын расмий өкүлдөрү жана эксперттери Украинадагы согуштун жаңырыгынан башкача жыйынтык чыгарып жатышат.

Расмий Бээжин, өзгөчө Си Цзиньпин узактан убакыттан бери "стратегиялык автономия" концепциясын колдойт. Европаны коргонуу маселелерине келгенде АКШга азыраак таянып, көбүрөөк өз алдынча болууга чакырган бул концепцияны француз президенти Эммануэл Макрон алга сүрөп келет.

10-майда Макрон менен сүйлөшкөн Си Цзиньпин Франциянын президенти менен Европанын лидерлерин коопсуздук маселесин "өз колуна алууга" чакырып, Германиянын канцлери Олаф Шольц менен 9-майдагы сүйлөшүүсүндөгү сөздөрүн кайталады.

Украинадагы согуштун узак мөөнөттүк кесепети да, Европанын "стратегиялык автономиясынын" келечеги да белгисиз болуп турган кезде Бээжин Американын Кытайды көздөй стратегиялык бурулуш жасашын болушунча кечеңдете аларына жана Европадагы жана НАТОдогу өнөктөштөрдүн ортосунда узакка созулуучу ажырым жарата аларына барган сайын көбүрөөк ишенип артып жаткандай.

"Жо Байден Американын Инд-Тынч океан аймагындагы стратегиясына көңүл буруу үчүн Орусия боюнча саясатын "туруктуу жана алдын ала жоромолдоого мүмкүн болгон" абалга келтирем деп үмүт кылган. Украинадагы согуш Американы алагды кылары жана ресурстарды буруп кетери талашсыз", - деп жазды Кытай армиясынын отставкадагы офицери Чжоу. - "Кептин баары Байден Украинанын алагды кылган маселе бойдон калышына канчага чейин жол берет деген суроого барып такалат".

Автор: Рид Стендиш, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти, "Евразиядагы Кытай" долбоорунун автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG