Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 13:52

Путиндин форуму: Токаевдин “ачык” билдирүүсү


Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян, Санкт-Петербург, 17-июнь 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумда өлкөсү жалгыз калбай турганын билдирди. Анын жанында отурган казак президенти Касым-Жомарт Токаев расмий Нур-Султан Украина чыгышындагы Орусия колдогон жикчил түзүмдөрдү тааныбай турганын ачык айтты.

Батыш "бойкоттогон" форум

Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форум Украинадагы уруш уланып, Орусия Батыштын "мурда болуп көрбөгөн" санкцияларынан аман калуунун айласын издеп жаткан учурда өттү.

17-июнда форумдун алкагындагы пленардык жыйынга катышкан президент Владимир Путин бир сааттан ашуун сүйлөп, Батыштын Орусияга каршы "санкциялык блицкриги" ишке ашпаганын, орус экономикасы турукташып баратканын айтты.

Ал орус күчтөрүнүн Украинага кол салганын Донбасстагы "өз элин" коргоо аракети катары мүнөздөп, санкциялардан тескерисинче АКШ менен Европа чоң зыян тартып жатканын кошумчалады.

Батыш өлкөлөрү жана расмий Киев Орусия империалдык дымагын ишке ашыруу үчүн Украинага каршы агрессияга барганын билдирип келет.

24-февралдан бери АКШ, Британия, Евробиримдик, Жапония сыяктуу бир топ өнүккөн өлкөлөр Орусияга ири экономикалык жана каржылык санкцияларды салган.

Эл аралык валюта фонду сыяктуу дүйнөлүк уюмдар быйыл санкциялардан улам Орусиянын экономикасы 10-15 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн экенин, санкциялардын таасири жылдын экинчи жарымында сезилерин эскерткен.

Украинада башталган согуш жана санкциялар дүйнөдөгү бир топ мамлекеттерди Орусиядан обочо турууга түрткөнү менен Путин Москва жалгыз эмес экенине ишендирүүгө аракет кылды.

"Батыштагы "досторубуз" канчалык кыялданса да Орусия эч качан өзүн-өзү изоляцияда кармоонун жана автократиянын жолуна түшпөйт. Ал гана эмес биз кызыкдар тараптар менен, иштешкиси келгендер менен кызматташтыкты кеңейтип жатабыз жана кеңейте беребиз. Андайлар көп, бирок аларды санабай эле коеюн. Алар Жер шарындагы адамдардын көбү. Азыр ал өлкөлөрдүн баарын атабай эле коеюн. Баары билишет", - деди Путин.

Бирок кезинде Орусиянын "Давосу" аталган Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумга дүйнө лидерлери мурдагыдан аз катышканы Путиндин сөздөрүнө карама-каршы келип турду.

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркел 2013-жылы Путин менен чогуу Петербург форумуна катышкан.
Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркел 2013-жылы Путин менен чогуу Петербург форумуна катышкан.

Кезинде бул форумга Ангела Мергел, Кристин Лагард, Антониу Гуттериш сыяктуу эл аралык таасирдүү лидерлер, саясатчылар жана ири компаниялардын жетекчилери катышканы белгилүү. АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык өкүлдөр бул форумга барбай турганын буга чейин эле айткан.

Бул ирет 15-июндан 18-июнга чейин созулган экономикалык иш-чара Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү, Украинанын чыгышындагы эл аралык коомчулук тааныбаган жикчилдердин лидерлери жана социалдык медианын блогерлери катышканы менен дүйнөлүк медианын көңүлүн бурду.

"Путин бир гана жакшы жаңылык айтты окшойт. Бул - эч кандай жаңылыктын жок экендиги. Ал айлантып-тегеретип сүйлөп, өзүн "эң агрессивдүү адам эмесмин" деп көрсөтүү аракетин улантты. Ал кайсы жаңылыкты айтмак эле? "Бизде экономикалык керемет болот, "Талибандан" жана "ДНРден" келген өнөктөштөр бизге экономикалык кызыктуу долбоорлорду сунуштайт, алар менен түзүлгөн кылымда бир болуучу келишимдер орусиялыктардын жашоо деңгээлин көтөрөт" деп айтмак беле? Албетте, жок", - деп билдирди орусиялык саясат таануучу Олег Степанов.

Крымдын аннексиясынан кийин Батыш өлкөлөрүнүн көбү бойкоттогон форумдун негизги жыйынына орус президенти Владимир Путинден башка казак президенти Касым-Жомарт Токаев гана катышты. Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси видео кайрылуу жолдошту.

Токаевдин Симонянга жообу

Токаев Орусия үстөмдүк Евразиялык экономикалык биримдиктин таасирин күчөтүү тууралуу сөз кылганы менен Казакстан үчүн Кытай менен кызматташтык, Бээжиндин "Бир алкак - бир жолу" да маанилүү экенин билдирди. Ал чөлкөмдөгү кырдаалды эске алганда "контр санкциялардан" майнап чыкпай турганын, андан көрө активдүү жана ийкемдүү соода жүргүзүү зарылдыгын, Казакстан "буфердик" рынок болуп бере аларын айтты.

Кантсе да көпчүлүктүн көңүлү Токаевдин трибунага чыкканда окуп берген бул билдирүүсүнө эмес, анын пленардык жыйынды алып барган RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньяндын “Орусиянын Украинадагы атайын операциясы тууралуу оюңуз кандай?" деген тариздеги суроосуна берген жообуна бурулду.

Январь айындагы Казакстандагы кандуу окуяларда Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам суроого аргасыз болгон казак президенти Токаев Путиндин көзүнчө расмий Нур-Султан Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айтты.

“Азыркы эл аралык укук Бириккен Улуттар Уюмунун уставына негизделет. Бирок анда камтылган эки принцип бири-бирине карама-каршы келген учурлар катталып калат. Бул мамлекеттин аймактык бүтүндүгү жана улуттардын өзүн-өзү аныктоо укугу. БУУну негиздөөчүлөр кезинде муну эске албай калган өндөнөт, балким, ал экөө бири-бири менен компромисс табышы керек деп киргизишкен сыяктуу. Мына ошондуктан бизде түрдүүчө түшүнүктөр, ар кандай чечмелөөлөр пайда болот. Бирок эгер улуттардын баары өзүн-өзү аныктоо укугун толук пайдаланса, анда дүйнөдө азыркы 193 мамлекет эмес, 500-600 мамлекет пайда болуп калмак. Албетте, бул башаламандык жаратат. Ушундай эле себеп менен биз Тайванды, Косовону, Түштүк Осетияны, Абхазияны тааныбай келебиз. Луганск менен Донецкидеги, биздин көз карашыбыздан алганда “квазимамлекеттерге” да ушундай эле принцип менен карайбыз”, - деди Касым-Жомарт Токаев.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирген болчу.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Санкт-Петербург, 17-июнь 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Санкт-Петербург, 17-июнь 2022-жыл.

Казак бийлиги Орусиянын Украинага кол салганын ачык айыптаган эмес, колдогон да эмес. Расмий Нур-Султан бир эле учурда Орусия менен мурдагы мамилесин улантууга аракет жасап, ошол эле учурда Киевге гуманитардык жардам жөнөткөнү, Украинаны колдогон акцияларга уруксат бергени маалым. Токаев украин президент Владимир Зеленскийге телефон чалган Борбор Азиянын алгачкы лидери болгон. Буга чейин казак бийлигинин расмий өкүлү да Нур-Султан Донбасстагы жикчил түзүмдөрдү тааныбай турганын Брюсселде билдирген. Талдоочулар Казакстан мындай жолдор менен Батыштын туунду санкцияларын алдын алууну көздөп жатканын айтышкан.

Петербург форумундагы пленардык жыйынды алып барган Маргарита Симоняндын күйөөсү, орусиялык теле алып баруучу Тигран Кеосаян Казакстандын 9-майда Жеңиш парадын өткөрбөө чечимин сынга алганы казак коомчулугунда катуу талкуу жараткан. Коесаян Казакстанда "украин сценарийи" кайталанышы мүмкүн деп эскерткен. Андан соң Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кеосаянды "кара тизмеге" киргизүү жараяны башталганын жарыялаган болчу.

Казакстандын саясат таануучу Досым Сатпаев Фейсбуктагы постунда бул окуяга токтолуп, эми президент Токаевдин Донбасстагы жикчил түзүмдөр тууралуу сөздөрүнөн кийин Орусиянын пропагандалык платформаларынан Казакстанга каршы маалыматтык чабуул башталышы мүмкүндүгүн эскертти.

“Күйөөсү Казакстанды жана казактарды мазактаган Симонянды эки президенттин билдирүүлөрүнүн модератору катары койгондун өзү эле форумдун уюштуруучулары тарабынан ачык чагым. Казакстан Орусия тараптан келген гибриддик согуштун үчүнчү, маалыматтык фазасына кирди. Биринчи фазасы Украинага колдоо көрсөткөн казакстандык жарандык активисттерге каршы чабуулга байланыштуу болчу. Экинчиси - Казакстанда украин сценарийи болот деп жарыялоо аракети эле. Казак бийлиги жана анын өкүлдөрү өлкөнү “өз” жана “өзгө” деп бөлүүнү токтотушу керек”, - деди Сатпаев.

Акылбек Жапаровдун чакырыгы

Украинада согуш башталгандан бери Орусияга салынган санкциялардын таасири бул өлкөгө көп жагынан көз каранды Кыргызстан сыяктуу чөлкөмдөгү мамлекеттерге дароо сезилгени белгилүү.

Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун алкагында өткөн "Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты" панелдик сессиясына катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку геосаясий кырдаалда Кыргызстан кандай абалда турганын төмөнкү сөздөр менен туюндурду.

"Эгер глобалдык экономикага коркунуч жараткан тенденциялар жана тренддер пайда болуп жатса, анда улуттук экономикалар, өзгөчө кубаттуу цивилизациялык плиталардын ортосунда кысылып калгандар жана дүйнөдөгү эмгекти бөлүштүрүү рыногунда өзүнүн татыктуу ордун таба элек тараптар тууралуу эмне дей алабыз. Андай өлкөлөр үчүн дүйнөлүк гиганттардын карама-каршылыгында тебелендиде калуу коркунучу жаралууда. Бул багытта Кыргызстанды дүйнөлүк геосаясаттын түйүндөрү таңууланган классикалык, башкалардан бөлөкчө кесилиш деп атасак болот. Биз энергия булактарына байланыштуу бир тарапка, инвестиция жагынан экинчисине, инструменталдык жактан үчүнчү тарапка көз карандыбыз. Бул айтылгандарга төртүнчү тараптын идеологиялык кубаттуу басымын кошуп кое бергиле. Анан силер биз алек болууга туура келип жаткан маселелердин топтомун көрө аласыздар. Бала кезден берки "оңго бурулсаң, атың өлөт, солго бурулсаң өзүң өлөсүң, түз бассаң өзүңөн да, атыңан да айрыласың" деген орус жомогун эстешибиз керек болуп турат. Мындай шартта дүйнөлүк шахмат айдыңындагы алдыңкы оюнчулар учурда кайсы бир саясий маселелерде толеранттуулугун жана нейтралдуулугун сактоого аракет кылып жаткан өлкөлөргө дагы сабырдуураак мамиле кылса дейм. Жалпысынан экономикада биздин союздун айланасында түзүлгөн терс кесепеттердин баарын бир үй-бүлө катары жөнгө салууну каалайт элек", - деди Жапаров.

Форумда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Евразия экономикалык биримдигин "биздин үй-бүлөбүз" деп атады. Бирок уюмдун алкагында соода алаканы аксаткан тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз өкмөтү Орусиянын Украинадагы согушуна нейтралдуу позицияны карманарын билдирип келет. Бирок жазында Бишкекте Орусияны колдоп акцияга чыккандар менен Украинага тилектештик билдирген активисттерге бирдей мамиле жасалбаганын айткандар болгон.

Буга чейин Бишкектеги орус элчилигинин алдында нааразылыкка чыккан бир нече укук коргоочу кармалып, аларга айып пул салынган. Кийин айыпка жыккан сот чечими жокко чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG