Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Украин согушунда бүдөмүк жагдайда каза тапкан кыргыз жарандары


Руслан Полотов (солдо) жана Аманбек Курбанбаев (оңдо). коллаж
Руслан Полотов (солдо) жана Аманбек Курбанбаев (оңдо). коллаж

Соңку жумада Украинада орусиялык күчтөрдүн катарында согушкан эки кыргыз жаранынын сөөгү жерге берилди. Кыргызстандын мыйзамы өз жарандарына башка мамлекеттин аймагында жүрүп жаткан куралдуу чыр-чатактарга катышууга тыюу салат. Бирок ага карабай эки жарандын Украинадагы согушка качан жана кантип жөнөп кеткени суроо жаратууда.

Орусиялык күчтөрдүн катарында Украинадагы согушка барган милициянын отставкадагы майору Аманбек Курбанбаев 23-майда Донбасста жарадар болуп, ооруканага түшкөн. 8-июнда алган жараатынан улам көз жумган. Сөөгү 13-июнда кичи мекени Аксы районунун Авлетим айылында жерге берилди.

Аманбек Курбанбаев милициянын отставкадагы майору болгон. "Эрдик" медалынын ээси. Жакындарынын айтымында, анын Украинадагы согушка орусиялыктар тарапта согушуу үчүн кеткени кийин белгилүү болгон.
Аманбек Курбанбаев милициянын отставкадагы майору болгон. "Эрдик" медалынын ээси. Жакындарынын айтымында, анын Украинадагы согушка орусиялыктар тарапта согушуу үчүн кеткени кийин белгилүү болгон.

Аманбектин Орусияда жашаган бир тууган агасы Урматбек Курбанбаев иниси ага март айында чалып "Иркутскиге иштегени баратам" деп кабарлаганын, Украинадагы согушка кеткенин кийин укканын айтып берди.

"27-мартта чалганда "Иркутскиде күзөт кызматында иштей турган болдум, азыр учуп жатабыз" деп айткан. Апрелде, орозо айында бир чалып, "Урмат, мен Мариуполго кирип чыктым, абдан кооптуу болуп турат" деп бир мүнөттөй сүйлөштү. Тамак-ашка керек дегенинен, биртике тыйын салгам. Ошол бойдон жок болуп кеткен. 17-майда видео байланышка чыкты. Ошондо Грозныйда жүргөн экен. "Ахмад полку менен келишимим бар, эртең Украинага экинчи жолу жөнөп жатам" деди. "Барбай эле койчу" деп сурансам көнгөн жок. Ошол бойдон 29-майда бирөөнүн телефону менен байланышка чыгып, "мен жарадар болуп калдым, Ростовдомун" деп айтты. Дароо Москвага учуп барып, андан ары жол узак экен 30-майдын кечинде Ростовго жеттим. Барсам жандандыруу бөлүмүндө жатыптыр. Өз алдынча дем ала албайт экен, бирок сүйлөп жатты. Ошол жерде 5-июнга чейин болдум. Күнүнө эки маал кирип турдум. Иниме 23-майда Северодонецкиде салгылашта снайпердин огу тийиптир. Беш саат жатып калып, жанындагы эки жигит сүйрөп, араң алып чыгып кетиптир. Адегенде Донецкиге жеткирип, алты жолу операция болгон экен. 28-майда Ростов-на-Дону шаарына алып келип дагы жети жолу операция болуптур. Андан кийин Москва облусундагы аскердик госпиталга которулуп, эки жолу операция жасалды. 8-июнда каза болуп калды. Орусия жарадар кезинде жардам берип аткан, бирок өлгөндөн кийин карабай койду. Айтсак, сөөгүн бербейбиз деп чыгышты. Айла жок өз каражатыбызга алып келдик. Москвада иштеген мекендештер жардам беришти. Инимди согушка кимдер жазгырып, кимдер алып кеткени табышмак бойдон калды".

Маркумдун эң улуу агасы Смайылбек Ибраимовдун айтымында, иниси алты баласы менен Бишкекте турчу. Акыркы жолу март айында Аксыга туугандарына учурашканы барып, "АКШга кетем" деп айтканын эскерди.

Смайылбек Ибраимов.
Смайылбек Ибраимов.

"Ошондо "Америкага барам" деп келген. "Виза керек да" деп таң калганбыз. Кийин уксак, Украинага барыптыр. Жарадар болгондон кийин Урматбек жанында болду. Үч ок тийгенден кийин жаны калабы? Аманбек милицияга 1999-жылы ишке кирген. ИИМдин академиясын сырттан окуп бүтүргөн, кийин АКШга барып, стажировкадан өтүп келген. 2006-жылы Баткенге кирген куралдуу экстремисттик топту жок кылуу операциясына катышкан. Ошондо жарадар болгон командирди көтөрүп чыгып кеткени үчүн сыйланган. Бала кезинен тыкан, ишти так аткарган, кыраакы бала эле. Балдарынын алды чоңоюп, үй-бүлө күтүп калды. Неберелүү да болгон. Жашоо токтоп калбайт экен. Эми үй-бүлөсүнө колдоо керек. Менин иним Орусиянын кызыкчылыгы үчүн болгон согушка барды. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бул маселени чечиш керек".

Аманбек Курбанбаев 1972-жылы 1-августта Аксы районунун Авлетим айылында туулган. Маалыматка ылайык, ал Ички иштер министрлигинин Атайын ыкчам аракет отрядында (СОБР) кызмат өтөгөн. Баткенге 2006-жылы кирип келген куралчан топту жок кылуу операциясына катышкан, "Эрдик" медалынын ээси. Милициянын майору чинин алган.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо "Замандаш" партиясынын талапкерлеринин тизмесинде болгон.

Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) отставкадагы майордун Украинадагы согушта кандай жагдайда өлгөнү тууралуу маалымат бере элек.

Аманбек Курбанбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Авлетим, Аксы.
Аманбек Курбанбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Авлетим, Аксы.

"Руслан билимдүү жигит болчу"

Украинадагы согушта Кыргызстандын дагы бир жараны 38 жаштагы Руслан Полотов каза тапканы маалым болду. Таластын Үч-Коргон айылынын тургуну 3-июнда жерге берилди.

Бир тууган иниси Ислан Полотовдун айтымында, Русландын Украинага кеткенин жакындары билген эмес.

"Орусияга кеткенине эки жылдай болуп калган. Украинага качан кеткенин айта албайм. Ал жакка өз эрки менен кетиптир. Луганск облусундагы Рубежное шаарында каза болуптур. Сөөгүн Москвадан алып келип, 3-июнда жерге бердик. Ал Кыргызстандын эле жараны болчу, орус жарандыгын алайын деген ниети болгон эмес", - деди маркумдун иниси.

Руслан Полотов.
Руслан Полотов.

"Акипресс" сайтынын маалыматында Руслан Полотов 2003-2008-жылдары Москвадагы жогорку аскердик окуу жайынын бүтүрүп, англис, түрк тилдерин билери жазылган. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин алдындагы атайын багыттагы аскер бөлүгүндө 2002-2003-жылдары кызмат өтөгөн. 2008-2010-жылдары ушул бөлүктүн командири болгон. Аскердеги жетишкендиктери үчүн бир катар сыйлыктарды алган.

2013-2014-жылдары Бишкектеги Президенттин алдындагы башкаруу академиясында жогорку билим алган. Ушул жылдары Талас облустук акимчилигинде эмгек жолун баштаган. Губернатордун жардамчысы болгон. 2015- жылдан баштап Орусияга кеткенге чейин Таласта АРИС программасында иштеген.

Маалыматта үй-бүлөлүү, эки баланын атасы экени да көрсөтүлгөн.

Полотов менен АРИС программасында үч жыл бирге иштешкен Бактияр Камалдинов ал абдан билимдүү, намаз окуган жигит болгонун эскерди.

"Облустук акимчиликте губернатордун жардамчысы болуп жүргөндө сыртынан таанычумун. Конкурстан өтүп, бизде иштеп калды. АРИСте 2020-жылдын сентябрына чейин чогуу иштештик. Кыскартуу болуп жумуштан кетти. Руслан билимдүү, орусча, англисче билген жигит болчу. Жоопкерчиликтүү, жаңыча ойлонгон мыкты кызматкер эле. Москвада аскердик окуу жайда окуган экен да. Жумушка так, тыкан эле. Беш маал намаз окучу. Экөөбүз дин багытында сүйлөшүп, пикир алмашып турчубуз. Орусча жазганда андан кеңеш алып турчумун. Үй-бүлөсүнө да камкор жигит эле".

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бирок ага карабай кыргыз жарандары эки тарапта тең согушуп жүргөнү тууралуу маалыматтар чыгууда.

Буга чейин "Азаттык" радиосуна Дайырбек (аты белгилүү себептер менен өзгөртүлдү) аттуу жигит украин куралдуу күчтөрүнө ыктыярчы катары жардам берип жүргөнүн билдирген.

Украинадагы согушту көргөн Дайырбек
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

32 жаштагы жигит былтыр декабрда Киевдеги чачтарачканага ишке орношконун, көп өтпөй согуш чыгып кеткенин айтып берген.

"Жыл башында Киевде дүрбөлөң жок болчу. Жергиликтүүлөр деле "согуш болбойт" деп жаткан. Эл көргөндү көрөм, иштей берейин деп чечкем. Эки ай өтпөй согуш башталып кетти. Ошол маалда тааныш балдар ыктыярчы болуп, армияга кетип жатканын угуп калдым. Аларды көрүп украиналыктарга жардам бергим келди", - деген ал.

Андан көп узабай Улуттук коопсуздук комитети Украинадагы согушка катышкан деген негизде кыргызстандык жаранга кылмыш ишин козгогонун билдирген.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери белгилеп келет.

Орусия Украинага кол салган 24-февралдан бери Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин орус жарандыгын алган үч адам согушта каза болгону кабарланган.

Алар:

  • 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев. 25-мартта анын сөөгү туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилген. Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, орус жараны Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган. Маркумдун жакындары анын курман болгонун 16-мартта укканын кабарлашкан. Орусиянын бир нече сайты ал 8-мартта каза болгонун жазышкан.
  • 26 жаштагы Рустам Зарифулин. Орусиянын жарандыгын алган теги кыргызстандык 14-мартта Украинадагы согушта каза болгон. Анын сөөгүн тосуп алууга жакындары, Орусиянын Канттагы аскер базасынын жетекчилиги катышкан. Зарифулиндин сөөгү 27-мартта Кара-Балтада жерге берилген.
  • 20 жаштагы Исломжан Камилов Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулуп-өскөн. 2019-жылы Орусияга кетип, бир жылдан кийин орус жарандыгын алган. 2021-жылы армияга чакырылган. Туугандарынын айтымында анын аскердик кызмат мөөнөтү жарым жылдан кийин бүтмөк. Сөөгү Кыргызстанга 23-апрелде жеткирилген.

Жарандык коомдун өкүлдөрү орус жарандыгын алган жогорудагы адамдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатына кыргызстандык жана Кант авиабазасындагы орусиялык аскерлер катышып, эки өлкөнүн туусун көтөрүп турушканын сынга алышкан.

Бирок ошол эле маалда Украинада каза тапкан эки кыргыз жаранын узатууда андай сый байкалган эмес. Жакындарынын айтымында, Аманбек Курбанбаевди да, Руслан Полотовду акыркы сапарга узатуу үчүн аларды көзү тирүүсүндө таанып-билгендер гана барган.

Өткөн жумада The Guardian басылмасы Батыштагы ишенимдүү булактарына таянып, Орусия Украинада 20 миңдей аскеринен айрылганын жазган. Киевдин эсебинде, бул сан отуз миңден ашат.

Москва жоготуулары тууралуу акыркы жолу март айында гана маалымдап, 1351 аскери согушта мерт болгонун билдирген.

Ал эми Украина согуш башталгандан бери 10 миңге жакын аскерин жоготкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG