Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Кыргыз мектептеринде жаңырган жат пропаганда


Пионердик маршка чыккан балдар. Орусия.
Пионердик маршка чыккан балдар. Орусия.

Кыргызстандагы мектептерде башка өлкөнүн саясатын колдогон жана согуш пропагандасын жайылткан учурлар катталган.

Мындай көрүнүш Орусия Украинага кол салган алгачкы күндөрү байкалып, айрым педагогдордун агрессияны жактаганы сынга кабылган. 9-май Жеңиш күнүнө карата балдарга аскердик форма кийгизген учурлар тууралуу айрым ата-энелер айтып чыгышкан. Өткөн аптада мектептерде пионер уюмунун 100 жылдыгы белгиленгени да талкуу жараткан.

Журналист жана активист Инна Аксенова кызы билим алган Бишкектеги №3 орто мектептин география сабагынан берген мугалими сабакта орус-украин согушу жөнүндө кеп козгоп, Орусиянын позициясын колдогонун социалдык тармакка жазып чыкты.

Ал өзүнүн Фейсбук баракчасына "согушту Орусия баштаганын" айткан кызын мугалим тилдеп салганын жазган. Бул орус-украин согушу башталгандан көп өтпөй болгон. Аксенова ушул окуядан кийин 9-класста окуган кызы менен достору дагы сүйлөшпөй калганын айтууда.

Инна Аксенова.
Инна Аксенова.

"Сабак учурунда географиядан берген мугалим окуучуларга Украинадагы согуш тууралуу айтып бериптир. Анда "Орусия туура эле кылган, болбосо НАТО Орусияны басып алмак" деген маанидеги маалыматтарды айтыптыр. Кызым согушту ким баштаганын билет, бирок бул окуянын артынан түшүп, изилдеген эмес. Ал "украиналыктар кандайдыр бир "биологиялык курал" жасап, өздөрүнүн балдарын жардырып жатканы туурабы?" деп сурап калды. Мен ага андай эмес экенин айттым. Өзүм журналист болгондуктан орусиялык телеканалдарда ушинтип айтып жатышканын, бирок маалыматты бир нече булактардан көрүп, окуп анан тыянак чыгаруу керектигин түшүндүрдүм. Бир нече күндөн кийин мугалим ушул теманы кайра козгогон экен. Кызым каршы пикирин айтса кыйкырып, тилдеп салыптыр. Башка окуучулар деле унчукпаптыр, тескерисинче ушул окуядан кийин достору "Путин туура кылган" деп кызым менен сүйлөшпөй калышыптыр. Кийин орус тили мугалими дагы ушундай ойлорду айткан экен. Албетте кызым жаман болду", - деди Нина Аксенова.

Аксенова көз карандысыз, эгемен өлкөдө иштеп жаткан мугалим балдарга билим берүү миссиясын унутуп, башка өлкөнүн идеологиясын таңуулап жатканын сындады.

Аталган мектептин директору Гүлмира Мусиева ал жетектеген билимканада согушту даңазалаган, башка өлкөнүн идеологиясын таңуулаган көрүнүштөргө жол берилбей турганын айтууда.

"Мен ошол убакта ооруп калдым, бул боюнча завучтар иш жүргүзүштү. Кызыбыз бир аз туура эмес түшүнүп калды окшойт. Болбосо биз согуш жөнүндө айтпайбыз, болгондо дагы география сабагында. Өзүм дүйшөмбү күнү жумушка чыгам, ошондо дагы көрөм. Ал мугалим ооруп жатат азыр. Апрелде эле жыйын болуп мындай темаларды сүйлөбөйбүз, программа боюнча гана сабак өтөбүз деп айтканбыз. Мугалимдер деле түшүнөт".

Анткен менен Инна Аксеновага улай башка мектептерде дагы ушундай көрүнүштөр бар экенин жазып чыккан ата-энелер болду.

Кызынын кодулоого кабылышынан корккон дагы бир эне "Азаттыкка" атын атабай сүйлөп берүүгө макул болду. Биздин маектештин кызы Чүйдүн Сокулук районундагы мектептердин биринде окуйт экен.

"Наталья Ивановна аттуу мугалим үй ишин текшербей туруп эле сабактык программага кирбеген орус-украин темасын айтып баштаптыр. Мугалим "азыр согуш болуп жатат, Владимир Владимирович (Путин - ред.) улутчулдарды өлтүрүп туура кылууда. Аны колдош керек, биз Орусия мененбиз" дептир. Балдар унчукпай угуп отурса "Украинада бардык адамзатка каршы кандайдыр бир зат ойлоп табышкан, алар бизди дагы өлтүрмөк. Ошондуктан Орусия булардын бардыгын тазалап жатат. Орусиянын жеңиши биздин жеңиш" деп дагы бир топ сөздү айтыптыр. Кызым мектепте жакшы окуйт. Ага кысым болбосун деп эч кимге арызданган жокмун. Бул негизи педагогиканын этикасына жатпайт. Мен кызыма бир өлкө бир өлкөгө кол салып жатат деп түшүндүрдүм. Кээ бир ата-энелер түшүндүрбөйт да. Ушундай курактагы окуучулар мугалимге аябай ишенет. Мен эне катары балдарга согушту пропагандалоого каршымын, алардын башын таштандыга толтуруп, улутчулдук, согуш, өлүм темасы тууралуу айтпаш керек".

Кыргызстандын мектептериндеги мындай көрүнүштөр социалдык тармактарда кызуу талкууланып, эгемен өлкөнүн эркиндиги, тынчтыктын барк-баасы, билим берүүдөгү көйгөйлөрдү, мугалимдин милдеттери тууралуу маселени козгоду.

Биз башка окуучулардын өзүнө микрофон сунуп, сабак учурунда согуш, башка өлкөнүн идеологиясын жайылткан же даңазалаган көрүнүштөр бар-жогун сурап көрдүк.

  • Бул темада ата-энем менен гана сүйлөшөм. Бирок мектепте согуш тууралуу сөз болбойт.
  • Бир жолу сабакта мугалим менен орус-украин согушу тууралуу сүйлөшкөнбүз. Эмнеге чыр чыгып жатканын, аны кантип чечсе боло турганын айтып берген. Биз дагы өз оюбузду айтканбыз. Бирок ким күнөөлүү экенин айткан эмеспиз. Мугалимдин айтымында, Украинада "Донбасс жана Крым деген мамлекеттер бар", аларда алтын, мунай, көмүр бар ошон үчүн талаш болуп атат экен. Алар дагы өз алдынча мамлекет болууну кааларын, бирок Украина ага жол бербей жатканын айткан. Мен өзүм Орусия туура эмес кылды деп айта албайм, бирок шаарларга бомба ыргытып жатпайбы. Ал жакта деле эл, балдар бар да. Аларды ойлосо болмок.
  • Экономика сабагынан ушул темаларды мисал катары айтып кеткен учурлар болгон. "Согуш экономикага кандай таасирин тийгизет?" деген мисалда.
  • Азыр интернеттин заманы. Дүйнөдө эмне болуп жатканынан окуучулар кабардар. Албетте бул маселеде ар биринин өз ою бар. Ошондуктан сабактарда талкуулап, оюбузду айткан учурлар болот.
  • Бул тема айтылбайт, бирок бирөө тентектик кылса же начар окуса, балдар аны "Украина" деп атап коюшат. Аны мугалимдер укса, "элдин көзүнчө антип айтканга болбойт" деп тыят. Тарых сабагынан согуш эмнеден улам чыкканы тууралуу сөз болгон. Эсимде калганы эки өлкө жердин айынан согушуп жатыптыр.

Жогоруда Бишкектеги ар кайсы мектепте окуган окуучулардын пикирин мисал келтирдик.

Эгемендик жылдарында Кыргызстандын билим берүү системасы ар кандай сыноолорго кабылды. Башка өлкөлөрдөн алып келинген китептер менен билим берип жаткан мектептер дагы бар.

Гүлзада Медералиева.
Гүлзада Медералиева.

Медиа эксперт Гүлзада Медералиева көз карандысыз өлкөнүн билим берүү системасында бөтөн мамлекеттин идеологиясы жайылтылып, окуучулар согушту даңазалаган маалыматтарга сугарылып жатканын сындады.

Ал эң оболу эгемен өлкөнүн мугалимдери муну түшүнүшү керек деп эсептейт.

"Биз мамлекеттин көз карандысыздыгын, эгемендигин ыйык тутушубуз керек. Бул өтө маанилүү. Керектүү нерсени гана окушсун. Мугалимдер эгемен өлкө экенибизди эстен чыгарбашы керек. Мен ачык эле айтам, бийликтегилер Кыргызстанды Орусиянын карамагындагы губерниядай сезишет. Ооба, ал жакта толтура мигранттарыбыз бар. Ошол эле кезде Европада дагы канчалаган мекендештерибиз жүрөт. Биз эгемендиктин, тынчтыктын баркын, баасын жакшы билишибиз зарыл. Бир мамлекеттин саясатын жактабай, жаш муунду дагы эркин болууга үндөшүбүз керек. Согушту пропагандалаган мугалимдерди айыпка жыгып же кандайдыр бир эскертүү берүү керек. Согуш эч качан жакшылыкка алып келбейт".

Президенттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Кыргызстандын мектептеринде максаттуу түрдө бир идеологияны колдогон көрүнүштөр бар экенине кошулбайт. Ал Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери бир катар экспансияга дуушар болгонун, кыргыз коому муну дагы башынан өткөрүшү керектигин белгиледи.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

"Адам фактору деген бар. Орусиянын позициясын жактаба деп жатабыз. Ошол эле учурда Батышты ашыра мактап жибергендер бар. Кытайды, Сауд Арабиясын жерге-сууга тийгизбегендерди көрүп жүрөбүз. Ошондуктан колдон келсе өз саясатыбызды жүргүзгөнгө аракет кылышыбыз керек. Бул жерде маселе кичине кененирээк болуп жатат. Биз өзүбүздүн ким экенибизди, ким менен экенибизди билбей, багытыбызды жоготуп койгон заманда жашап жатпайбызбы. Эгемендик болгондон бери идеологиялык, технологиялык, маданий экспансия болду. Ошого биз чыдашыбыз керек. Азыр кыргыз коому абдан бөлүнүп калды. Бул билгенге чоң көйгөй. Кыргыз нукура баалуулуктарына келмейинче ушундай боло берет. Азыр кыргыз өзүн издеп жаткан учур".

Буга чейин окуучуларды бир өлкөнү колдогон саясий иш-чараларга алып чыккан, наристелерге аскер кийимин кийгизип, акцияларга катыштырган учурлар болгон.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев окуу жайларындагы ушундай көрүнүштөрдүн болушу туура эмес экенин "Азаттыктагы" маегинде билдирген.

"Биз гумандуу муунду даярдашыбыз керек. Бирок мектептин ичинде кандайдыр бир параддарга чыгарып, аскерлешүүнү, согушту даңазалоо туура эмес. Мектептер ынтымак менен ырашкерликтин, диалогдун борбору болуш керек. Биз балдарды ошол багытта тарбиялашыбыз абзел".


Украинадагы уруш маалымат согушу менен дагы коштолууда. Анын илеби Орусия менен экономикалык-аскердик байланышы бар Кыргызстанга дагы тийгени байкалууда.

Буга чейин Донбасс тууралуу даректүү тасмалардан турган "Чындыктын мезгили" деп аталган кинофестивал тууралуу да талаш-талкуу жаралган. Бир тараптуу маалыматтан турган тасмалардын фестивалдын алкагында көрсөтүлүшүнө кыргызстандык активисттер каршы чыккан.

Орусия Украинага кол салгандан бери расмий Бишкек Кыргызстан бейтарап позицияны карманарын жарыялап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG