Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Пионерликти даңазалоонун максаты эмне?


Орусия. Москва. Пионерлик кыймылдын мааракесине катышкан окуучулар. 22- май, 2022-жыл.
Орусия. Москва. Пионерлик кыймылдын мааракесине катышкан окуучулар. 22- май, 2022-жыл.

Кыргызстанда пионер уюму сыяктуу советтик идеологиянын белгилерин жайылткан учурлар сынга кабылды.

Бир катар мектептерде окуучуларга кызыл жагоо тагып, Коммунисттик партиянын жеткинчек уюму пионерликти эстеген иш-чаралары коомчулукта талкууга түштү. Айрым ата-энелер муну алардын уруксаты жок жаш жеткинчектерге эскини эңсеп, бөтөн идеологияны таңуулоо катары кабыл алышты. Мектептерге көрсөтмө берген билим берүү министринин орун басары түшүндүрмө берип, кечирим сурады.

Кыргызстандагы мындай көрүнүш Орусиянын шаарларында пионер кыймылынын мааракеси шаан-шөкөт менен өткөрүлгөн учурга дал келди.

"Тарых дөңгөлөгүн артка айландыруунун айласы"

Кыргызстандын бир катар аймактардагы орто мектептерде окуучуларга кызыл жагоо тагып, баш кийим (пилотка) кийгизип, “ур барабан-тарт сурнай” деген пионерлик иш-чаралардын уюштурулганы боюнча социалдык тармактарга видео тасмалар тарады.

Билим берүү жана илим министрлигинин 26-апрелде билим берүүнүн облустук, шаардык жана райондук бөлүмдөрүнө Бүткүл союздук пионерлер уюмунун 100 жылдыгын майрамдап, салтанаттуу иш-чараларды уюштурууга көрсөтмө берген телефонограммасы Интернетке чыгып кетти.

Медиа-эксперт Жалил Сапаров мекеменин бул кадамын дүйнө алдыга умтулуп жатса, демократиялык коом куруунун ордуна эскини эңсеп, тоталитардык идеологияны жайылтуу максаты катары баалады.

Жалил Сапаров, журналист, медиа-эксперт.
Жалил Сапаров, журналист, медиа-эксперт.

“Комсомол, пионер, октябрят дегендердин бардыгы коммунисттик идеологиянын бөлүктөрү. Бүткүл дүйнө жүзү бул тоталитардык идеологиядан арылып кеткен. Коммунисттик идеология коомго зыян алып келген идеология катары дүйнө андан баш тартып, акырындык менен тазаланып баратат. Биз болсо, кайра тескери кетип, өлкөбүз эгемендик алгандан 30 жылдан кийин артка кылчактап, пионерлер уюмун эскерип, даңазалап, большевиктердин идеологиясына багыт алып жатканыбыз туура эмес. Эгемен, демократиялык мамлекет өз жолун, өзүнүн идеясын, өзүнүн баалуулуктарын тандашы керек. Коом артка эмес, алдыга жылышы зарыл”.

30 жыл мурун СССР тарап, коммунизм тоталитардык идеология катары кыйрагандан бери советтик атрибуттарга анчейин маани бериле элек болчу. Пионерлер уюмунун 100 жылдыгы Орусия Украинага кол салган учурга туура келиши кыргыз коомчулугунда ага карата бир кылка эмес пикирлерди жаратты.

Эскини эңсөө, тарыхтын сабактары

Коммунисттик доордо жашаган улуу муундун айрым өкүлдөрү бул идеология социалдык адилеттүүлүктү жана теңчиликти камсыздап, бакубат жашоого багыт бергенин дайыма саймедиреп келишет. Ошол эле кезде тоталитардык режим адамдардын эркиндигин чектеп, идеологиялык чырмоок коомду чынжырлап турганын кеп салгандар да арбын.

Мурдагы аскер кызматкери, отставкадагы полковник Болотбек Шамырканов пионерлер уюмун эңсеп, эскергидей анда улуу баалуулуктар деле болбогонун белгиледи:

“Тарыхты билип, эстеп жүрүү зарыл. Бирок аны эч качан жаңы муунга таңуулабашыбыз абзел. Эскини эңсеп, ага кайрылуу - бул азыр Орусия Украина менен согушуп жаткан окуяга байланыштуу экени айтпаса дагы түшүнүктүү. Биз пионер болуп жүргөндө сабактардан кечигип калган же кандайдыр бир себептер менен окууга жетише албай жаткан окуучуларды линейкага алып чыгып, бүтүндөй мектептин астында уят кылчу. Анда балдар чүнчүп калат да. Укмуштай даңазалаган менен ал кезде деле теңсиздик болчу. Анткени ал кездеги райкомдун, башкарманын, парторгдун же башка бир аткаминерлердин балдарын алдыңкы парталарга отургузуп, көтөрмөлөп баа коюшчу. СССРдин учурундагы ошондой эски идеологиянын эмнесин бизге даңазалап, эмнесин биздин эсибизге салып жатышканын түшүнбөйм”.

Бир атанын баяны

Караколдогу мектептердин биринде өткөн иш-чарага күбө болгон ата-энелердин бири Тынчтыкбек Жанадыл бул көрүнүш пионерлер уюмун эскерүүгө эмес, аны саясий-идеологиялык даңазалоого багытталганын байкаган. Анын айтымында, 19-майдан кийин деле мектептерде уланып жаткан бул пионерлик иш-чаралар жеткинчектерге бөтөн идеологияны таңуулап, сырттан каржыланышы мүмкүн:

“Кечээ күнү кызымды мектебинен алып кеткени барсак, мектепте пионердикке кабыл алуу иш-чарасы өтүп жатыптыр. Кызыл жагоо, пилотка кийгизип, колдорун бешенесине койдуруп, ант бердирип жатышканын көрүп, бизден сурабай, минтип жатышканына аябай ыза болдум. Кызым эмес, мен пионер болгон эмесмин. Биздин мамлекет кайсыны карап отурат? СССР 30 жыл мурун кулады десек, андай эмес окшойт. Биздин трагедия өзүбүздүн улуттук идеологиябыздын жоктугунда. Айрымдарыбыз 100 жыл мурунку пионерди эңсеп жатсак, кээ бирлерибиз орто кылымга – диний фанатизмге кетип жатабыз. Бор менен чүпүрөккө акчасы жок отурган мектептер миңдеген кызыл жагоо, пилотка жана барабанга акчаны каяктан алышты? Бул эмне деген акча? Мунун бардыгы берилип жатат да. Бул деген башка мамлекеттин, Путиндин долбоору болуп жатат. СССРде керек болсо ажаткана кагазы чыкчу эмес. Адамдар чет өлкөлөргө бармак тургай, каттоосу жок болсо, борбор шаарда жашай алчу эмес. Апам “менин пионер болгонум жетет, неберемди эмнеге кайра пионер кылгысы келип жатышат” деп кейиди.”

Бул иш-чаралар коомчулукта талкууга түшүп, “СССРди кайра курууну эңсеген күчтөрдүн демилгеси” деген сын-пикирлер да болду.

Министрдин орун басары кечирим сурады

Буга байланыштуу буйрукка кол койгон билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жалпыга маалымдоо каражаттарына атайын түшүндүрмө берди. Анда Бүткүл союздук пионерлер уюмунун 100 жылдыгын белгилөө боюнча Республикалык штабдын башчысы Жаңыл Түмөнбаеванын кайрылуусунун негизинде иш-чаралар өткөнү жана алар саясий-идеологиялык максатты көздөбөгөнү айтылат:

Надира Жусупбекова, билим берүү жана илим министринин орун басары.
Надира Жусупбекова, билим берүү жана илим министринин орун басары.

“Ушундай иш-чараны уюштурууну көздөп жатабыз, тарыхыбызды унутпайлы, көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранам”, - деп Бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча төрайым Жаңыл Түмөнбаеванын мамкатчыга кайрылуусунун негизинде мен бул телефонаграмманы жөнөткөм. Арабызда ошол доорду башынан өткөргөн аталарыбыз, апаларыбыз бар. Алардын акыл-эсинен бул пионерлик доорду өчүрө албайбыз. Башка учурдагы юбилейлик даталарды белгилеп келгенибиз сымал, бул датаны да эч кандай саясий, идеологиялык максаты жок эле белгилеп коюу үчүн жиберилген. Тилекке каршы министр менен, жалпы жетекчилик менен кеңешпей туруп жибергеним үчүн кечирим сурайм. Туура кабыл алууңуздарды өтүнөм”.

Өткөн аптада Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылындагы мектепкеВ.И Лениндин бюсту коюлуп, шаан-шөкөт менен ачылганы талаш жараткан.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов бул окуяны "өзүм билемдик" катары сыпаттап, атайын комиссия иликтеп чыгарын билдирген.

Пионер кыймылын эскерүүгө байланыштуу талкуу күчөп турган 24-майда Алтынбек Сулайманов билдирүү таратып, билим берүү министрлигин айыптап чыкты.

Орусиядагы пионерлер парады

Айта кетүүчү жагдай, Кыргызстандагы сын коштогон мындай көрүнүш Орусиянын шаарларында пионер кыймылынын мааракеси шаан-шөкөт менен өткөрүлгөн учурга дал келди.

Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясы 22-майда Москванын Кызыл аянтында миңдеген мектеп окуучуларын пионерликке кабыл алган. Орусиядагы пионерлик кыймылдын 100 жылдыгына карата уюштурулган иш- чарада балдар марш тээп, хор менен ант окуп, кызыл жагоо тагынган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG