Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

Жети-Өгүздө Лениндин мектепке коюлган бюсту талкуу жаратты


Мектепте коюлган Лениндин бюсту.
Мектепте коюлган Лениндин бюсту.

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кызыл Суу айылындагы мектепке 19-майда Владимир Ильич Лениндин бюсту коюлду. Бул маалыматты “Азаттыкка” райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Асанкожоев ырастады.

Анын сөзүнө караганда, бюст коюлган мектеп 22 жылдан бери Лениндин атын алып жүрөт. Мектептин директору пионер кыймылынын 100 жылдыгына карата анын бюстун койгон. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар жана убагында пионер кыймылына мүчө болгон айыл тургундары катышкан.

Сөз болуп жаткан мектепте окуган 1150 балага 59 мугалим билим берет. Сабактар кыргыз жана орус тилдеринде өтөт.

Социалдык тармактарда Лениндин бюсту шаан-шөкөт менен коштолуп ачылганы тартылган видео тарады. Интернет колдонуучулар бул окуяны сынга алышууда.

Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн баарында пионердик кыймылдар болуп, ал жаш муунду Коммунисттик партияга берилген духта тарбиялоо милдетин аткарган. 1922-жылы уюшулган пионер кыймылына ар бир советтик окуучу 9 жашынан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө мүчө болуп, кызыл жагоо тагынып жүрчү. Андан кийин алар жагоосун чечип, комсомолдук уюмдун катарына өткөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG