Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:55

“Ош” аба майданын оңдоого жалпы 156 млн. сом коротулганы айтылды


“Ош” эл аралык аэропорту.
“Ош” эл аралык аэропорту.

“Манас” эл аралык аэропорту “Ош” аба майданын реконструкциялоо бир нече баскыч менен ишке ашканын билдирип, ал үчүн сарпталган каражат, ишти аткарган компаниялар тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2012-жылы “Ош” эл аралык аэропортунун биринчи секторун кеңейтүү менен имаратты реконструкциялоо долбоору башталып, 2013-жылы аяктаган. Жыйынтыгында аянты 2000 чарчы метрге кеңейтилип жалпы 4000 чарчы метр болгон. Курулуш иштерин “Аль-Манар” компаниясы жасаган.

Экинчи долбоор 2015-жылы башталып, 2016-жылы бүткөн. Анда аэропорттун имараты 900 чарчы метрге чоңойтулуп, 4900 кв. метр болгон. Курулушту “Ак Бата” акционердик коому жүргүзгөн.

Үчүнчү долбоор 2016-2017- жылдары ишке ашырылган. Анда аба майдандын имаратына дагы 720 чарчы метр кошуу ишин “Инженерин Ко” ишканасы ишке ашырып, жыйынтыгында 5620 чарчы метрди түзгөн.

Төртүнчү долбоор менен жүргүнчүлөр келген зал дагы 1900 чарчы метрге кеңейтилип, 7520 чарчы метрге чоңойтулган. Курулушту “АвантРемСтрой” ишканасы жүргүзгөн. Бешинчи жолу ушул эле залга дагы 870 чарчы метр кошулган. Натыйжада жүргүнчүлөр үчүн күтүү залынын аянты 8390 чарчы метр болгон. Бул долбоорду “Элит-Строй-Сити” ишканасы 2017-2018-жылдары ишке ашырган.

Ошентип, “Ош” эл аралык аэропортун реконструкциялоодогу беш долбоор үчүн 156 миллион 231 миң коротулган.

18-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам “Ош” аэропортунун күтүү залынын шыбынан суу агып, анын кесепетинен имараттын шыбы урап түшкөн. Ал учурда күтүү залында бир топ киши болгон.

Башкы прокуратура аба майданды оңдоого кеткен каражат, курулуш иштеринин талапка жооп берер-бербесин иликтеп баштады.

“Ош” эл аралык аба майданы - Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. “Ош” аба майданы “Манас” аэропортунун филиалы болуп саналат. ​(BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG