Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Кытайда кулаган учактын кырсыкка кабылышынын баштапкы себептери айтылды


Учак кулаган жердеги изилдөөлөр.
Учак кулаган жердеги изилдөөлөр.

Кытайда 21-мартта кулап түшкөн Boeing-737 учагы кырсыкка кабылардын алдында жерди көздөй мажбурлап төмөндөтүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу кырсыкты иликтеген америкалык эксперттерге таянуу менен CNN телеканалы жана The Wall Street Journal басылмасы кабарлады.

Борттун кара кутусундагы аудио жазмаларда көрсөтүлгөндөй, жерге конуу тууралуу буйрук учкучтарга кабинанын ичинде берилген. Эксперттер кабинага сырт жактан башка бирөөлөр кириши мүмкүн деп болжоп жатышат.

Кырсыктын себептерин иликтеген Кытайдын өзүндөгү эксперттер дагы учактын кулашына алып келе турган техникалык кемчиликтерди аныкташкан эмес.

China Eastern Airlines авиакомпаниясына таандык жүргүнчүлөрдү ташуучу Boeing-737 учагы 21-мартта Кытайдын түштүк жагында кулап түшкөн. Учакта бараткан 133 жүргүнчү жана экипаждын 9 мүчөсүнүн баары каза болгон.

Борт Куньмин шаарынан Гуанчжоу шаарына бараткан. Баштапкы кабарларга ылайык, ал Гуанси-Чжуан автономдук районундагы Тэн деп аталган уезддеги тоону сүзүп алган. Кырсыкка кабылган лайнерге 7 жыл болгон, China Eastern Airlines анын биринчи кожоюну болуп саналат. Буга чейин эч кандай олуттуу кырсыктарга кабылган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG