Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

Улуу Британияга миң кыргызстандык жумушка жөнөтүлөт


Улуу Британияга жумушка барчу кыргызстандыктар. 19-май, 2022-жыл.
Улуу Британияга жумушка барчу кыргызстандыктар. 19-май, 2022-жыл.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуу Британия менен түзүлгөн келишимдин негизинде бул өлкөгө Кыргызстандан миң киши жумушка жөнөтүлөрүн билдирди.

Министрликтин жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков алардын биринчи тобу 20-майдан кете баштаарын айтты.

“20-майда 40 адам, 25-майда дагы 46 киши кетет. Жалпысынан миң киши жөнөтөбүз. Алар айыл чарба иштерине тартылат, англис тилин билүү маанилүү эмес, эң башкысы барган өлкөнүн шарттарын бузбаса, мыйзамды сактаса болду. Медициналык камсыздандыруу да бар”.

Кубандык Акматбеков Түштүк Корея, Германия менен да келишимдер иштей баштаганын жана Финляндия, Жапония менен да келишим түзүлөрүн кошумчалады.

Кыргызстан Түштүк Кореяга 15 жылдан бери мигранттарды жөнөтүп келет. Ушул тапта бул мамлекетте беш миң кыргызстандык иштеп жатат. 2022-жылдын төрт айында 300дөн ашык кыргызстандык иштегени кеткен. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG