Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Ажылыкка барчулардын биринчи тобу июндун ортосунда учат


Муфтият.
Муфтият.

Кыргызстанда ажылык сапарга барчуларды каттоо 11-майда жыйынтыкталып, бардык квота берилди. Бул туууралуу “Азаттыкка” муфтияттын ажылыкты уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, ажылыкка барчулардын биринчи тобу 15 же 16-июнда Сауд Арабиясына учат.

“Кыргызстанда ажылык сапарды күтүп кезекте турган 6000 адам бар болчу. Алардын ичинен 1700дөй киши акчасын төлөдү. Толбой калган 900дөй орунду кезекте турбаган адамдар алды”.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ага бара элек болчу. Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар эле. Быйыл ажылык сапардын акысы 4500 доллар деп бекитилди.

Сауд Арабиясынын талабы боюнча, быйыл ажылыкка барчулардын жашы 65 жаштан жогору болбошу керек жана ПЧР тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүп, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Кыргызстандан ажылыкка барам дегендерден эки жыл мурда топтолгон 636 миң доллардын дайыны чыкпай жаткандыктан быйылкы зыярат токтоп калышы ыктымал экенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG