Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Муфтият быйылкы ажылык сапар үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгүн айтты (видео)


Меккедеги жылдык ажылык, 2014-жыл
Меккедеги жылдык ажылык, 2014-жыл

Кыргызстандан ажылыкка барам дегендерден эки жыл мурда топтолгон 636 миң доллардын дайыны чыкпай жаткандыктан быйылкы зыярат токтоп калышы ыктымал. Муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев муфтияттын казынасынан кемип калган акча каражатты 15-майга чейин толукташ керек экенин "Азаттыкка" айтты:

“15-майга чейин квотага ылайык 2700дөн ашык кишинин документин топтоп, визасын камдашыбыз керек эле. Бирок азыр абал белгисиз, элден чогулган акча толуктала элек. Күнөөсүн моюнга алган мурдагы жетекчилик тергөө аныктаган сумманы кайтарабыз дегени менен жыйынтык боло элек. Эл зыяратка барбай калат деген кооптонуу бар”.

2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9526 адам катталып, 5519у муфтияттын банктык эсебине 3350 доллардан которгон. Мындан тышкары кезегин кармап туруу үчүн 500 доллардан бергендери да болгон. Бирок коронавирус пандемиясынан улам ажылык токтотулган.

2021-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) казынадан кемип калган акчага шектүү катары ошол учурдагы муфтий Максатбек Токтомушев жана башкы эсепчи Жеңишбай Бекиевге кылмыш ишин козгогон. Алар келтирилген чыгымды жарым-жартылай толуктаган бирок күнөөнү моюнга алышкан эмес.

Ажылыктын акчасы кемип кеткени белгилүү болгон 2021-жылы муфтият 1,8 млн. доллар жетпей жатканын кабарлаган.

Кыргызстандан жылына ажылык сапарга алты миңден ашуун адам барып турган. 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталып, эки жыл катары менен эл Сауд Арабиясына барган жок.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG