Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Кыргызстанда 9-майдын символу катары көк жоолукту колдонуу сунушталууда


Кыргызстанда 9-майды "Эскерүү жана терең кайгыруу күнү" деп жарыялап, бул датанын символу катары көк жоолукту колдонуу сунушталууда.

Демилгелүү топ бул тууралуу 6-майда Фейсбукка жарыялады. Алар Кыргызстанда 9-майды утурлай Георгий тасмасын жеңиштин белгиси катары жайылтууну агрессиянын үгүтү катары баалап, ага тыюу салууну өлкө бийлигинен суранышкан.

"1939-1945-жылдардагы фашисттик Германиянын кадамын кайталаган Кремлдин Украинадагы азыркы аскердик аракеттеринин агрессивдүү дискурсун жана алардын байланышын өзгөртүү үчүн “9-май - Жеңиш күнү” деген орусиялык түшүнүктү Өзбекстан сыяктуу “Эскерүү жана терең кайгыруу күнү” деп өзгөртүүгө чакырабыз",- деп жазылган кайрылууда.

Демилгелүү топто Адил Турдукулов, Умай Арыкова, Нурбек Насирдинов жана башка активисттер бар. Алар 9-майда Бишкекте тургундарга көк тасма таратууну көздөп жатат.

Өзбекстанда, Казакстанда, Түркмөнстанда жана Тажикстанда падышалык Орусиянын баскынчылык саясатынын белгиси катары Георгий тасмасын тагууга тыюу салынган. Кыргызстан 2015-жылы "Жеңиш тасмасы"деп кызыл-сары түстөгү лентаны сунуш кылган, бирок Георгий тасмасына да тыюу салынган эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG