Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Сел каптаган аймактарда тазалоо иштери уланууда


Селдин кесепетин жоюу иштери. Кара-Суу району.
Селдин кесепетин жоюу иштери. Кара-Суу району.

Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында нөшөр жаандан кийин каптаган селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн, 19-майда да уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Баткенде мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен ОшБаткен автожолунун 109-чакырымында эки жеңил машинаны кум-шагыл баскан. Элдин жардамы менен машиналар чыгарылып, ички чарбалык автожолдор толук тазаланып бүткөн. Кадамжай шаарында сел суусу үйлөрдүн короосун, имараттардын жертөлөсүн каптап, жети көпүрөнүн жээгиндеги кум-шагылды жууп кеткен.

Жалал-Абад облусунда Чаткал районунун Терек-Сай айылында сел суусу бир көпүрөнү агызып кеткен, үйлөрдүн короосун, жолдорду каптаган. Ала-Букада электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Ош облусунда Алай, Кара-Суу райондорунун бир нече айылында суу үйлөргө, короолорго кирип, каналдарда суунун деңгээли көтөрүлүп, БишкекОш унаа жолунун 647-чакырымында (Кайрагач айылы) Отуз-Адыр каналынан суу ашып, унаа жолду каптаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG