Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Кочкордо жол кырсыгынан төрт адамдын өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кочкордо жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алганын 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 18-майда эртең менен Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 125-чакырымында (Теңдик айылы) болгон.

КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машина менен Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил машина сүзүшүп, 72, 23,13 жана беш жаштагы жүргүнчүлөр мерт кеткен. Дагы экөө жараат алган, алар Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталганын, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алганын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдирген. Былтыркы жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 1572 жол кырсыгы катталып, 134 адам каза болгон, 2345 адам жараат алган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG