Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

“Ош” аэропортундагы суу каптоону жумушчу комиссия иликтейт


“Ош” эл аралык аэропортунун ураган шыбы.
“Ош” эл аралык аэропортунун ураган шыбы.

“Манас” эл аралык аэропорту “Ош” аба майданынын шыбы эмне себептен урап түшкөнүн жумушчу комиссия иликтеп чыгарын билдирди.

Маалыматка караганда, 18-майда катуу шамал менен коштолгон нөшөрлөп жааган жаандан улам "Ош" эл аралык аэропортунун күтүү залынын шыбынан суу агып, анын кесепетинен имараттын шыбы урап түшкөн. Ал учурда күтүү залында бир топ киши болгон. Абал 18-майда жөнгө салынган.

“Ош” эл аралык аба майданы Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Ал эми шыбы түшкөн кошумча имарат мындан беш жыл мурун 78 миллион сом коротулуп жаңы курулган.

Анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. “Ош” аба майданы “Манас” аэропортунун филиалы болуп саналат. ​

2019-жылы да аэропорттун чатырынан суу агып, имараттын ичин каптаган.(BTo)

Аэропорттогу суу каптоону комиссия иликтейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

XS
SM
MD
LG