Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Жаандан улам “Ош” аэропортунун күтүү залынын шыбы урап түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-майда катуу жааган жаандан улам “Ош” эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөр турган күтүү залынын шыбы урап түштү. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кырсыктан эч ким жабыркабаганын, аэропорт кадимке тартипте иштеп жатканын билдирди.

Социалдык тармактарда тараган видеолордо имараттын шыбы урап түшүп, андан суу агып жатканын көрүүгө болот. Залда бир топ киши болгон.

“Ош” эл аралык аба майданы Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган.

Анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. 2019-жылы да аэропорттун чатырынан суу агып, имараттын ичин каптаган.

“Ош” аба майданы “Манас” аэропортунун филиалы болуп саналат. ​(BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG