Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

"Азовсталдагы" украиналык аскерлер тууралуу карама-каршы маалыматтар чыгууда


"Азовсталдан" чыгарылган укриан аскери Оленовкага карай кеткен автобуста. 17-май, 2022-жыл.
"Азовсталдан" чыгарылган укриан аскери Оленовкага карай кеткен автобуста. 17-май, 2022-жыл.

Орусиянын куралдуу күчтөрү Украина аймагындагы аскердик жайларга жана жарандык объекттерге сокку урууну улантууда.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги соңку эки сутканын ичинде Мариуполдогу "Азовсталды" коргогон миңге чукул украин аскери багынып бергенин жарыялады. Алардын бардыгы Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарга жөнөтүлгөнү кабарланды.

Reuters агенттиги украин аскерлери отурган кеминде жети автобус орус күчтөрүнүн коштоосунда комбинаттын аймагынан чыгарылып кеткенин күбөлөгөн видеону жарыялады.

Агенттиктин экинчи бир видеосунда украин жоокерлеринин бир бөлүгү Донецк облусунун жикчилердин колундагы Оленовка шаарындагы мурдагы түзөтүү колониясына жеткирилгенин көрүүгө болот.

Орус тараптын соңку билдирүүсү боюнча расмий Киев маалымат бере элек. Украина тарап өндүрүштүк жайдагы аскерлери чыгарылып жатканын билдирип келатат.

Бир күн мурда Украина заводдогу жер төлөөдө кала берген 294 аскер чыгарылганын, алардын 53ү оор жаракат алганын билдирген.

17-майда Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр "Азовсталдан" чыгарылган украин аскерлерин айырбаштоо боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтты. Ал Киев заводдо дагы канча украин аскери калганын ачык айтпай турганын билдирди.

Орусия курчоодон чыгарылган украин аскерлери туткундарды айырбаштоо жараянына камтылабы же жокпу - бышыктаган жок. Мамлекеттик думанын айрым депутаттары андайга каршы болууда.

Украин президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөргө "таасирдүү эл аралык арачылар" катышып жатканын билдирди.

Маалыматтарга караганда, "Азовсталдагы" бункерлерде болжолу менен 2 миңдей аскер бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG