Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

"Өзбеккосмос" британиялык OneWeb компаниясы менен кызматташат


"Союз-2" кемеси менен OneWeb компаниясынын спутниктери, Байконур. 27-декабрь, 202-жыл.
"Союз-2" кемеси менен OneWeb компаниясынын спутниктери, Байконур. 27-декабрь, 202-жыл.

збеккосмос" агенттиги британиялык OneWeb компаниясы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду. Компания спутник байланыш тармагында кызмат сунуш кылат. Тараптар алыскы аймактарды тез ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуунун үстүнөн иш алып барууну көздөйт. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады.

збеккосмостун" башкы директору Шухрат Кадировдун айтымында, OneWeb телекоммуникациялык кызматы маалыматтык технологияларды өнүктүрүү программасында каралган максаттарды аткарууга көмөктөшмөкчү жана инновациаялык кызматтарды алыскы элет жерине чейин жеткирүүгө өбөлгө түзөт.

Буга чейин жарык көргөн маалыматта Өзбекстандын Санарип технологияларын жана коммуникацияларды өнүктүрүү министрлиги жана "Өзбеккосмос" агенттиги SpaceX компаниясы менен Starlink долбоорун өлкөгө тартуу жана өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG