Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

SuperTV каналынын кызматкерлерине парламентке кирүүгө тыюу салынды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

SuperTV телеканалынын бардык журналисттерине Жогорку Кеңешке кирип, парламенттин ишин чагылдырууга убактылуу тыюу салынды.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов “Азаттыкка” билдирди. Ал мындай чечим телеканалдын журналисти менен депутат Надира Нарматованын окуясынан кийин кабыл алынганын айтты.

“Аларды (ред: SuperTV телеканалынын кызматкерлерин) биз сүйлөшүү үчүн чакырсак келишкен жок. Биз алар менен сүйлөшүп бир пикирге келишибиз керекпи? Келишибиз керек. Биздин сөзүбүздү уккан жок. Келсе, сүйлөшөбүз”, - деди Каимов.

18-майда SuperTV телеканалынын журналисти Тахмина Кенжебек кызы парламенттин ишин чагылдыруу үчүн барып, имаратка кире алган эмес. Постто турган кызматкерлер анын аты-жөнү Жогорку Кеңешке кире тургандардын тизмесинде жок экенин айткан. SuperTV муну журналисттердин ишине тоскоолдук катары баалады.

“Биз муну журналисттердин маалымат алуу укугун чектөө жана мыйзамды бузуу деп кабыл алабыз. Алар бизди чакырган күнү менин монтажым бар болчу. Ушундан улам кийинки күнү байланышалы дегенбиз. Андан кийин эч ким чалган жок. Андан кийин да эч кандай эскертүү берилген эмес”, - деди Тахмина Кенжебек кызы.

11-майда Тахмина Кенжебек кызы Жогорку Кеңештин ашканасын тартып жүргөндө депутат Надира Нарматова экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Депутат тамак ичип отурганда тартпоо керектигин айтып, ортодо пикир келишпестик болгон.

Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу үчүн Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары парламенттин басма сөз кызматынан аккредитациядан өтөт. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан бери журналисттер парламентке тизме менен эле кирип жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG