Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:02

Журналист Болот Темировдун иши боюнча сот 25-майда уланат


Болот Темиров Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 18-май, 2022-жыл.
Болот Темиров Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 18-май, 2022-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-майда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон иштер боюнча соттук угуу болуп, кийинки жараян 25-майга белгиленди.

Соттук отурумда Темировдун адвокаты Разак Ашимбаев мамлекеттик айыптоочулар келтирген далилдер негизсиз экенин айтып, аны жокко чыгаруу өтүнүчүн берди. Бирок судья аны канааттандырган жок.

Журналисттин жактоочусу милиция кызматкерлери Темировду кармаган учурда баңгизат табылганы камерага түшпөй калганын айтты. Алар баңгизат укук коргоо кызматкерлери өздөрү салып койгон деп эсептешет.

Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG