Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Классында шыбы ураган окуучулардын абалы боюнча маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чаткалда сабак учурунда шыбы ураган мектептин окуучулары дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин баары ошол эле күнү үйүнө кое берилгенин бүгүн 18-майда “Азаттык” радиосуна Ала-Бука районунун Жалпы дарыгердик тажрыйба борборунун жетекчиси Бактыгүл Алимбаева билдирди.

Анын айтымында, балдарга эч кандай диагноз коюлган жок, эч кимиси сынык же башка жаракат алган эмес, алар “чочуу жана стресске реакция” деген негизде көзөмөлгө алынышты, үчөө бир нече саат ооруканада болду. Ал эми 54 жаштагы мугалим кан басымы жогорулагандыктан азырынча ооруканада көзөмөлдө жатат.

“Балдардын баарынын абалы канааттандырарлык. Кечээ байкоодо болуп, баары үйүнө кетишкен 15 бала тең. Эжейи да байкоого жаткырылган, бүгүнкү күндө абалы жакшы”, - деди Бактыгүл Алимбаева.

17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте мугалим жана 16 окуучу болгону кабарланган. Чаткал районунун билим берүү бөлүмү кырсык болгон мектеп 1951-жылы курулганын, авариялык абалда болбогонун кабарлаган.

Окуядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарынын абалын текшерүү тапшырмасын берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG