Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Тенгиз Бөлтүрүк: Жетим-Тоо кенин иштетиш үчүн 2 млрд. доллар керек


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк холдингдин кен казуу, гидроэнергетика жана башка тармактарда 32 ири долбоорду ишке ашыруу планы бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал “Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде айтты.

“Анын арасында Сары-Жаз ГЭСин куруу да бар. Анын курулушу үчүн бери дегенде 3 млрд. доллар керек. Жетим-Тоо темир кени үчүн бери дегенде 2 млрд. доллар керек. Бала-Чычкан деген кенге да 2 млрд. доллар кетет”, - деди Бөлтүрүк.

Жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасынын” уставдык капиталы 10-15 млрд. сомдун тегерегинде болору, президенттин катышуусунда 282 млн. доллардан турган бюджети бекитилгени айтылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде “Азаттыкка” курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген. Буга байланыштуу Кыргызстанга чет өлкөдөн адистер келгенин маалым болгон.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген. Ушундан улам Жетим-Тоону коргоо кыймылы түзүлүп, айрым активисттер кенди иштетүүгө каршы чыгышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG