Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Мектептерди толук инвентаризациялоо сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы бардык мектептерди толук инвентаризациялоо зарылдыгы бүгүн 18-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтылды. Депутат Аида Исатбек кызы Чаткалдагы окуяны эске салып, билим берүү тармагындагы реформа ошондон башталышы керектигин белгиледи:

«Эмне үчүн реформанын биринчи кадамы катары мектептер инвентаризация кылынган жок? Бүгүнкү күндө бизде өлкөдө 2236 мектеп бар экен. Ошонун кайсынысы авариялык абалда, кайсынысы жарайт же жарабайт деп иш жүргүзүп, реформаны ошондон кийин баштасак туура болмок”.

17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте мугалим жана 16 окуучу болгон. Ала-Бука райондук ооруканасына мугалим жана төрт окуучу жаткырылган. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы канааттандырарлык экенин билдирген. Чаткал районунун билим берүү бөлүмү кырсык болгон мектеп 1951-жылдары салынганын, авариялык абалда болбогонун кабарлаган.

Окуядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарынын абалын текшерүү тапшырмасын берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG