Төрт ири мамлекеттик ишкананын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилиши канчалык негиздүү болгонун териштирүү сунушу бүгүн 18-майда Жогорку Кеңеште айтылды.
Жалпы жыйында депутат Дастан Бекешев аталган министрликтин азыркы жетекчиси “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси, коррупцияга шектелип жаткан Алексей Ширшов менен байланышы бар деген оюн айтып, элди алдоо болуп жатканын белгиледи:
“Биз күрөшүп, бирок акыры Санариптик өнүктүрүү министрлигине, Ширшовго берип жатабыз. Ушинтип айтканга аргасыз болуп жатам. Ширшов менен Талант Иманов дос. Курал, торпеда чыгарган заводду Санариптик өнүктүрүү министрлигине берип жатышат. Дата-борбор курабыз деп жатышат. Андай борборду “Мегакомдо”, “Кыргызтелекомдо” ачса болот да.”
Бекешевдин пикиринде, бул маселени мамлекеттик мүлк боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия карап чыгышы керек же былтыр парламент “Мегакомду” жана “Евразия сактык банкын” менчиктештирүү тууралуу кабыл алган токтомун жокко чыгаруу зарыл.
10-майда УКМК Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу борборунан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарган коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары шектелип Жазык кодексинин "Коррупция" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Биринчи Май райондук соту ошол эле күнү аны үй камагына чыгарган.
10-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргызтелекомду", "Альфа Телекомду", "Дастанды" заводу жана "Евразия сактык банкын" Мамлекеттик мүлк фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү тууралуу токтомго кол койгон.
Өкмөт башчы аталган ишканалар министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн өткөрүлгөнүн, өкмөттүн максаты учурдагы шартка жооп берген финансылык технологияларды бир жерге топтоп, тейлөөнү уюштуруу экенин “Азаттыкка” билдирген жана “Бул долбоор Алексей Ширшовдун схемасы” деген сындарды четке кагып, өкмөт көптөн бери пландап келе жатканын айткан.(RK)