Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

ИИМ: Баасы 1 млн. доллардан ашык баңгизат алынды


Трансулуттук баңги тобунан алынган баңгизат.
Трансулуттук баңги тобунан алынган баңгизат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) трансулуттук баңги тобунан баасы 1 миллион 808 миң долларлык баңгизат алынганын билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, министрлик Казакстандын атайын кызматы менен бирге Борбор Азияга синтетикалык заттарды интернет аркылуу саткан топтун ишине бөгөт койду.

Трансулуттук баңги тобунун ишмердүүлүгүн жоюу боюнча биргелешкен атайын операция Кыргызстан менен Казакстандын аймагында жарым жыл бою жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында баңги жана психотроптук заттардын ири партияларын даярдоого, контрабандага жана сатууга тиешеси бар Кыргызстандын үч, коңшу өлкөнүн төрт жараны кармалды.

Алардан 31 кг 265 грамм баңгизат алынып, аны даярдаган эки жер жоюлду.

“Азаттык” март айында Кыргызстанда баңгизаттын онлайн тарашын иликтеген. Иликтөөдө Телеграм каналдар аркылуу “мефедрон”, “спайстан” баштап героинге чейин сатылып жатканы айтылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG