Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

Цианидге уулангандар апелляциялык арыз даярдоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө 24 жыл мурда төгүлгөн цианидден жабыркаган 54 адамдын атынан Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз даярдалып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» доогерлердин коомдук жактоочусу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирди. Арызда Бишкектин Октябрь райондук сотунун 21-октябрдагы чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү келтирилет.

Райондук сот "Кумтөрдөн" кенемте төлөтүү тууралуу арызды канааттандыруудан баш тарткан болчу.

1998-жылдын 20-майында «Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясынын машинеси авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн. 2009-жылы сотко 29 жергиликтүү тургундун атынан ден соолукка келтирилген зыян үчүн ишкананы моралдык кенемте төлөтүү боюнча арыз берилген. Алардын 17сине ар бирине 400 миң сомдон төлөп берүү жөнүндө акыркы чечим 2021-жылы чыккан, калган 12си сот чечимине жетпестен каза болгон. Ошол эле жылы сотко дагы 54 адамдан моралдык кенемте боюнча доо арыз берилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG