Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдөн быйыл 17,5 тонна алтын өндүрүлөрүн билдирди


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын билдирди. Бул тууралуу ал “Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде айтты. Кенден былтыр 14,62 - 15,86 тонна алтын өндүрүү мерчемделген. Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жылдагы план аткарылганын, жыл сайын алтынды казуунун көлөмү көбөйтүлөрүн кошумчалады.

“Калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын бар. Андан 60-65 тонна алтынды чыгарып алышыбыз мүмкүн. 2024-жылы кендеги алтынды жер алдынан казуу иштери башталса, бери дегенде 3-4 тонна алтын берет. Калдык сактоочу жайдагы жана жер алдынан казылган алтынды кошсок эле жылына 24-25 тоннага чейин алтын өндүрөбүз”, - деди Бөлтүрүк.

Бирок Кыргызстан кенди өз карамагына алгандан бери канча тонна алтын казылганы, ал каякка, кандай шартта сатылганы, түшкөн киреше тууралуу маалымат берген жок. Бул маселе боюнча журналист да суроо берген эмес.

Кумтөр алтын кенин канадалык “Центерра Голд” ишканасы иштетип турган тапта компания “Кумтөрдүн” сайтына бир жылда казыла турган алтындын көлөмү, квартал сайын өндүрүлгөн алтын, чыгаша тууралуу маалыматты жайгаштырып турчу.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Коомчулукта Кыргызстан Кумтөрдү өз колуна алгандан бери канча киреше таап, өкмөт ошол акчаны кандай бөлүштүрүп жатканы тууралуу ачык маалымат жок деген сын-пикир айтылып келет.

Президент Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат берилерин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG